Ош: Сулайман-Тоого желим баштык, идиштерди алып чыгууга тыюу салынды

1-январдан тарта Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына желим баштыкта сатылган ар түрдүү азыктарды, идиштерди, бөтөлкөлөрдү алып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу 11-январда Маданият министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, мындай чечим «Кыргызстандын аймагында полимер плёнкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө» жана «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу» жөнүндөгү мыйзамдын алкагында  кабыл алынды. 

«Музей комплексинин аймагындагы буга чейин желим бөтөлкөлөрдө суусундук, полимер плёнкасынан жасалган пакеттерде чипсы, кириешки, күнкарама жана башка азыктарды саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет», — деп айтылат билдирүүдө. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө полиэтилен баштыктары менен желимден жасалган буюмдарды соодада жана кызмат көрсөтүү тармактарында өндүрүүгө, иштетүүгө жана бекер берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон

Сулайман-Тоо — ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилип, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон. Анын узундугу 3 километр, туурасы 1,5–2 километрге созулуп, деңиз деңгээлинен 1176 метр бийикте турат.

Тоонун аймагында орто кылымдарда салынган бир нече мечит жана үңкүрлөр бар.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Ош мэриясы Сулайман-Тоого асма жол курулат деген маалыматты четке какты

Көк шибер, гүл ачкан бадамдар. Сулайман-Тоодон сүрөт баян