Ош мэриясы Сулайман-Тоого асма жол курулат деген маалыматты четке какты

Сулайман-Тоо. Сүрөт: Too.kg

17-майда Ош шаарынын мэриясы Сулайман-Тоого асма жол курулат деген маалыматты четке какты. Калаа бийлигинен мындай курулуштун долбоору иш-планда каралбаганын билдиришти.

«“Ош шаарынын мэриясы Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзу менен бирге Сулайман-Тоого асма жол жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюра паркын курат” деп тарап жаткан маалымат туура эмес. Ош шаарынын мэриясы бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эч бир тарап менен келишим түзгөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаевге таянып, Оштогу Сулайман-Тоого асма жол жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюра паркы куруларын жазып чыккан.

Анда «мындай демилге Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзунун башкы катчысы Ильяс Демиржи Ош шаар бийлиги менен үстүбүздөгү жылы апрель айында Кыргызстанга болгон иш сапарында макулдашылганы» айтылган.

Сулайман-Тоо — ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилип, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон. Анын узундугу 3 километр, туурасы 1,5–2 километрге созулуп, деңиз деңгээлинен 1176 метр бийикте турат.

Тоонун аймагында орто кылымдарда салынган бир нече мечит жана үңкүрлөр бар.