Өлкөдө желим баштыктардын жүгүртүүсүнө 2027-жылдан тартып толугу менен тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө полиэтилен баштыктары менен желимден жасалган буюмдарды соодада жана кызмат көрсөтүү тармактарында өндүрүүгө, иштетүүгө жана бекер берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 10-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.  

Парламент мыйзамдын долбоорун 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алган. 

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, мындай чектөөлөр желимдин ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу үчүн киргизилип жатат. Ошол эле кезде, бул чектөөнүн био-чирип кетүүчү баштыктарды күнүмдүк тиричиликте пайдаланууга жана аны экспорт үчүн өндүргөндөргө тишеси болбойт. 

Мындан тышкары 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында желим буюмдар менен полиэтилен баштыктарын экспортко жана күнүмдүк тиричиликке зарыл болгон био-чирип кетүүчү баштыктарды өндүрүүгө да тыюу салынат.

Мындан тышкары, кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин төмөнкү чектөөлөр киргизилет: 

  • Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн абсолюттук жүгүртүүгө;
  • Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды ташып кирүүгө, пайдаланууга жана иштетүүгө жана акысыз берүүгө. Буга жеке адамдар товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо жеке пайдалануу үчүн алып келген пакеттерди, ошондой эле товарларды пломбаланган жүк отсектерде транзиттик алып өтүү кирбейт. 

Ошондой эле мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган желим буюмдардын тизмеси да келтирилген:

  • бир жолу колдонулуучу желим идиш-аяктын баардык түрү;
  • тамак-аштын таңгактары;
  • ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү;
  • жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
  • кофенин желим капсулалары
  • азык-түлүк үчүн тор баштыктар.

Буга чейин президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Ысык-Көл облусунда жергиликтүү дүкөндөрдө кардарларга полиэтилен баштык берүүгө тыюу салынганын билдирген. Ал эми минкабдын башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасы менен минкаб акырындап полиэтилен баштыктан кагаз баштыктарга өтө турганын айткан

Өлкөдө бир жолу колдонулуучу баштыктарды өндүрүү жана сатууга тыюу салуу мурда дагы сунушталып келген. Депутат Марлен Маматалиев тийиштүү мыйзамды 2020-жылы дагы сунуштаган. Ушундай эле мыйзамдын долбоорлору 2018-жылы дагы сунушталган. Бирок бул сунуштар колдоо тапкан эмес болчу.

Автору Медина Шамшидинова