Сот жапырт кармалган 11 журналистти эки айга камакка алды

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Temirov Live командасынын азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин баш коргоо чарасын карады. 

Райондук соттун чечими менен кармалгандардын баары эки айга ТИЗО-1ге киргизилди:

  • Махабат Тажибек кызы;
  • Сапар Акунбеков;
  • Азамат Ишенбеков;
  • Сайпидин Султаналиев;
  • Актилек Капаров;
  • Тыныстан Асыпбеков;
  • Максат Тажибек уулу;
  • Жоодар Бузумов;
  • Жумабек Турдалиев;
  • Айке Бейшекеева;
  • Акыл Орозбеков.

16-январь күнү таң эрте милиция кызматкерлери журналисттердин үйүн тинтүүгө алып, алар күбө катары сурак берерин айтып күчтөп тергөө бөлүмүнө жеткиришкен.

Кеч курун ИИМ алар «Массалык башаламандыкка чакыруу» фактысы боюнча козголгон ишке шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айып Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган үч материал боюнча лингвистикалык экспертизанын негизинде коюлган.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров ИИМдин журналисттер жарыялаган материалдарда «массалык башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар» деген билдирүүсүн четке какты.

Мурдараак 24.kg маалымат агенттигине карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланган. Басылманын башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редакторлору Антон Лымарь жана Махинур Ниязова атайын кызматка күбө катары сурак берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөтчү Татьяна Зеленская абактагы журналисттерди колдоп иллюстрация жаратты