Сүрөтчү Татьяна Зеленская абактагы журналисттерди колдоп иллюстрация жаратты

Сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын илююстрациясы.

Сүрөтчү Татьяна Зеленская «Массалык башаламандыкка чакыруу» фактысы боюнча кармалган журналисттерди колдоп иллюстрация жаратты. Ал сүрөттү 17-январда фейсбук барагына жарыялады.

«Күнү батып бараткан өлкөдөгү коркунучтуу жомок, жаңы бөлүм. Караңгылыкта каалаган ыплас ишиңди кылсаң болот», — деп жазды Зеленская иллюстрациянын баяндамасына.

Сүрөттө бир адам тизелеп өйдөдөн каптап келе жаткан караңгылыкты тиреп турат. Ал эми туңгуюкта турган укук коргоо кызматкерлери колуна токмок менен кишен көтөрүп ага жакындап бара жатканын көрүүгө болот. Анын артында өлкөнүн батып бараткан эски байрагы чагылдырылган.

Сурактар жана камоолор

15-январда 24.kg маалымат агенттигине карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланган. Алардын кеңсесинде тинтүү жүрүп, техниканын баарын алып, имаратты мөөр басып бекитишкен.

Ал эми басылманын башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редакторлору Антон Лымарь жана Махинур Ниязова атайын кызматка күбө катары сурак берип чыккан.

Эртеси күнү таң эрте милиция кызматкерлери бир катар журналисттердин үйүн тинтүүгө алып, 11 журналистти 48 саатка камакка алды. Алардын баары Temirov Live командасынын кызматкерлери же мурда иштеп кеткендер. 

Алар «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талабына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» беренеси менен козголгон ишке шектелип жатат.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

11 журналист 48 саатка камалды. Акыйкатчы алардын укугу жана эркиндигин камсыздоого чакырды