Кара-Сууда 43 жаштагы тургун фейсбуктагы пикири үчүн кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургуну региондор аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 31-январда Ош ОИИБден билдиришти

Шектүү. Сүрөт: Ош ОИИБи

Маалыматка ылайык, милиция тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө фейсбук соцтармагынын активдүү колдонуучусу «региондор аралык кастыкты козутууга багытталган» билдирүүлөрдү бөлүшүп келгени белгилүү болду.

«Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тийиштүү экспертизанын корутунудусуна ылайык, баракчанын ээси Г.А. аттуу жарандын социалдык тармакка жүктөгөн билдирүүсүндө региондор аралык кастыкты козуткан лингвистикалык бирдиктер камтылганы аныкталган», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Топтолгон материалдардын негизинде «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. 

Учурда тергөө иштери уланууда. 

Бир ай мурда Кара-Сууда 20 жаштагы тургун ушул эле берене менен TikTok социалдык тармагына жарыялаган видеосу үчүн кармалган.

Кыргызстанда соцтармактардагы билдирүүлөр көп учурда түрдүү беренелер боюнча кылмыш иштерин козгоого себеп болууда. Маселен, жарандык активист жана блогер Адилет Балтабай массалык баш аламандыкка чакырган деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш ишинин козголушуна Балтабайдын фейсбуктагы билдирүүлөрү себеп болгону маалымдалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Сууда улут аралык кастыкты козутууга шектелип, 20 жаштагы тургун кармалды

УКМК диний кастыкты козутууга шектелген жаран кармалганын билдирди