УКМК диний кастыкты козутууга шектелген жаран кармалганын билдирди

УКМК диний кастыкты козутууга багытталган материалдарды таратууга шектелген К.С. аттуу жаран кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү юридикалык билим жок туруп «өзүн кысымга учураган динчилдердин укуктарын коргогон көзкарандысыз укук коргоочу катары көрсөтүп жүргөн». Мындан тышкары, атайын кызмат кармалган жаран «социалдык тармактардагы каналдары аркылуу экстремисттик аракеттерди актоого жана мамлекеттик органдардын беделин түшүрүүгө багытталган материалдарды үзгүлтүксүз жарыялап, активдүү түрдө блогердик ишмердүүлүк жүргүзгөнүн» айтты. 

«Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу улуттар аралык кастыкты козуткан, диний кастыкты козутуучу жана согушту үгүттөө белгилери бар материалдарды тарата баштаган», — деп билдирди УКМК.

 

Мамкомитет тарабынан кармалган киши. Сүрөт: УКМК

Шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ноябрь айынын башында УКМК учурда «палестина-израилдик куралдуу кагылыштын шартында социалдык тармактарда, ошондой эле интернет колдонуучулар арасында, Палестинада жихад кылуу зарылчылыгы жөнүндө жеке колдонуучулардын жарыялары жана комментарийлери, чагымчыл билдирүүлөр активдүү жайылып» жатканы тууралуу билдирүү тараткан. Мекеме анда кыргызстандыктарга чет мамлекеттин аймагында куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскерткен.

Кийин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши дагы билдирүү тараткан. Аалымдар кеңеши палестиналыктарга руханий жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырып, ал эми «жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт» деп белгилеген.