Кара-көл: Социалдык келишимдин негизинде 65 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Соңку эки жылда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында социалдык келишим долбоорунун алкагында 65 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу 8-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакырчылыкты жоюу боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлөгө, ал эми 2023-жылы 15 үй-бүлөгө акча каражат берилген.

«Алар 19 багытта кичи бизнес менен алектенүүдө. Мал багуу, кийим тигүү автоунаа оңдоо, такси кызматын көрсөтүү, укалоо сыяктуу багыттарда иштеп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын январь айына карата  Кара-Көл шаарынын калкынын саны 27 миң 460ды түздү. Шаарда жалпы 6382 кожолук болсо, алардын ичинен 741 үй-бүлө жакырлар категориясында, алардын 11и өтө жакыр, 283ү орто жакыр, 340 кожолук жакыр. 

2024-жылы «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнүп, 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилери айтылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмгек министрлиги: Өлкөдө 200 миңден ашык үй-бүлө жакыр жашайт

Быйыл «Социалдык келишим» долбооруна мамлекеттик казынадан 2 млрд сом бөлүнөт