Быйыл «Социалдык келишим» долбооруна мамлекеттик казынадан 2 млрд сом бөлүнөт

2024-жылы «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнүп, 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы бир жарым жылдын ичинде аталган долбоорго катышууга 14 миң 985 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 12 миң 800 жакыр жана аз камсыз үй-бүлөлөр долбоор аркылуу өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. 

«Бүгүнкү күндө дээрлик 13 миң бизнес-долбоордун ичинен 17 адам гана катуу оорудан жана башка форс-мажордук жагдайлардан улам долбоорду аягына чыгара алган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

2022-2023-жылдары долбоорго катышкандардын төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзгөн: 

  • Айыл чарба тармагында, тагыраагы мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, аарычылык, күнөскана, канаттуулар чарбасында — 71%;
  • Өндүрүш — 16,4%, анын ичинен 15 пайызы тигүү иши, калгандары — темир-бетон буюмдарын жана терезелерди даярдоо, самын жасоо, кургатылган жемиштерди өндүрүү, эмерек цехи жана майдалагыч;
  • Кызмат көрсөтүү, тагыраагы коомдук тамактануу жана такси кызматтары, курулуш-монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, кондитердик азыктарды даярдоо, сулуулук салондору, авто диагностикалык борборлор, массаж — 6, 4 %;
  • Соодагерчилик, майда соода, дарыкана — 6,2%.

Министрликтен долбоордун натыйжасында, 2022-2023-жылдар аралыгында 70 миңден ашуун адамдын жашоо деңгээли жогорулаганын кошумчалашты.

«Социалдык келишим» долбоору калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү максатында 2022-жылдан тарта президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып келет.

Долбоордун катышуучусу «Үй-бүлөгө көмөк» же балдардын жөлөк пулунун баш тартат. Үч ай аралыгында жөлөк пул берүү токтотулуп, анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу.

2023-жылдын башындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 229 миңге чукул үй-бүлө жакыр жашайт.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Эмгек министрлиги: Өлкөдө 200 миңден ашык үй-бүлө жакыр жашайт

Эмгек министрлиги: Бишкекке аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү