УКМК Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери издөөдө жүргөн Бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовдун үйүнө мөөр басышты. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Матраимовдун Ош шаарындагы үйү Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.

Ошондой эле «Азаттык»  айрым булактарга таянып, Оштогу Матраимовго таандык делген JAMBY бизнес борбору ишин жандантканын маалымдады.

Атайын кызмат бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Азыр Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кайда экени белгисиз. Өткөн жылдын этегинде анын өлкөдөн чыгып, Дубайга учуп кеткени кабарланган.

Ал эми 26-январда экс-бажы кызматкерине кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ал «Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү» беренеси боюнча шектелип жатат.

Кийинчерээк, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек жана Ош шаарларында Матраимовдун 80 млн долларлык мүлкү конфискацияланганын, көп өтпөй УКМК 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук мүлкү мамлекетке өткөрүлгөнүн кабарлаган.

Ташиев буга чейин Матраимовдун «бардык мүлкү мамлекетке алынарын» айткан. Ошондой эле УКМКнын башчысынын айтымында, өлкөдө Матраимовдун кадрларынан «мамлекеттик органдарды тазалоо» жүрүп жатат.

Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Райымбек Матраимовдун дээрлик 4 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке алынды