УКМК: Райымбек Матраимовдун дээрлик 4 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке алынды

УКМК 8-февралда буга чейин коррупцияга аралашканын моюндаган экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомго бааланган кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнүн билдирди.

Атайын кызмат мамлекетке өткөрүлгөн объекттердин тизмесин жана алардын болжолдуу бааларын жарыялады:

  • Бишкек шаарындагы «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, болжолдуу баасы 16 млн 297 миң доллар;   
  • Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын коммерциялык имараттары, болжолдуу баасы 7 млн 627 миң доллар;
  • Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервиси» бажылык каттоо жайы, болжолдуу баасы 4 млн доллар;
  • Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүндө жайгашкан «Эрем» спорт клубу, болжолдуу баасы 1 млн доллар;
  • Бишкек шаарынын Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, кеңсе, баасы 2 млн 500 миң доллар;
  • Ысык-Ата районундагы 37,3 гектар жер тилкеси жана «Юни Лаб», 1 млн 286 миң доллар;
  • Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан «ИМПЕРИАЛ» коммерциялык имараты, баасы 2 млн 100 миң АКШ доллар.

УКМК Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча иш-чаралар улантылып жатканын кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылы 27-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-бажычы Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекетке алынарын айткан

Азыр Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кайда экени белгисиз. Өткөн жылдын этегинде анын өлкөдөн чыгып, Дубайга учуп кеткени кабарланган.

Ал эми 26-январда экс-бажы кызматкерине кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ал «Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү» беренси боюнча шектелип жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев Матраимовдун бардык мүлкү мамлекетке алынарын билдирди