«2 млн сом салыктык карызың бар». Карапайым кыргызды сызга отургузган шылуундар

Иллюстрация: «Клооп»

Шылуундар Орусиядан ондогон миллион сомго жыгач-тактай алып келип, салыгын карапайым кыргыз жаранынын мойнуна илип коюшкан. Көрсө бул жаран мындайга кабылган жалгыз эле киши эмес экен.  

2022-жылдын августунда эмгек миграциясында жүргөн Апиза Кожобекова балдары менен көрүшөйүн деп Кыргызстанга келген. Апиза оңой турмушта жашабайт: Орусияда кийим саткан базарда күндө 12 саат, дем алышсыз иштейт. Иши таңкы 5 чамасында башталат.  

Кыргызстанда аны курбусу биргелешип бизнес баштап иштейли деген деген кишилер менен тааныштырып, алар ага Казакстандан Кыргызстанга жер жана мөмө-жемиштерди ташып иштөөнү сунушташат. Ал үчүн Апиза жеке ишкер катары каттоого туруп, документтерин алардын бухгалтерине өткөрүп бериши керек болгон. 

Башында Кожобекова арсар болуп, бирок жаңы тааныштары ай сайын 30 миң сомдон акы төлөп турабыз деп көндүрүшкөн. Эң башкысы алар ага балдарын Кыргызстанда калтырып, мындан ары Орусияга иштеп келгенге кажет болбой калат деп башын чимиришкен. А бул болсо Апизанын кыялы эле, ошентип ал тигилердин сунушуна көңгөн.

 Арадан бир айдай өтүп калганда, тагыраагы, дүйшөнбү күнү эртең менен Апиза Кожобекова Аксы райондук салык кызматкеринин чалуусунан ойгонот. Ал дем алыш күндөрү Кожобекова Орусиядан Кыргызстанга 17 млн сомго жыгач-тактай алып келгенин кабарлайт.   

«Мен сага жеке ишкердикти жер жана мөмө-жемишке деп ачып бербедим беле? Жыгач-тактай кайдан чыкты?» — деп сурайт салыкчы тынчы кетип. Ошол эле учурда ал Апизаны Салык кызматына тез келип калууну, себеби дээрлик 2 млн сом карыз болуп калганын айтат. 

«Салык дегенди укканда аз жерден инфаркт болуп кала жаздадым. Нес болдум. Мурда да микроинсульт болгом. Бул жолкусун да кайра ооруп калдым», — деп ошондогу абалын сүрөттөдү Кожобекова. 

Андан кийин Кожобекова ага киреше сунуштаган «өнөктөштөрүн» издеп баштаган, бирок алар карматпай кача башташкан. Ал эми Салык кызматы болсо ага ири салык карызы бар экенин айткан билдирүүлөрүн жаадырган. Апиза айласы кеткенде эки-үч жыл тынымсыз иштесе да чоочун бирөөнүн карызын жаап кутулайын деп калган. Бирок акыры юрист Назгүл Абылкасымовага кайрылууну чечкен. 

Кылтакка илинген дагы бир каарман

Көрсө, Апизадай болуп жабыркаган дагы бир жаран бар экен. Кыргызстанда фастфуд, самсы жасап саткан жеке ишкер Азиз Хусанов 2021-жылы Орусиядан 4,2 млн сомго жыгач-тактай сатып алган имиш. Салык кызматы ага жарым миллион сомго кошумча нарк салыгынын эсебин чыгарып берген, бул Азизге таптакыр күтүүсүз болгон, себеби эч кандай жыгач-тактай сатып алган эмес эле. 

Документтер боюнча жыгач-тактайды Томск облусундагы «Арго» ЖЧКсы саткан. Хусанов Орусиянын Салык кызматына кат менен кайрылып, ал жерден «Арго» компаниясынын директору Лиана Бадаляндын оозунан «Хусанов менен жеке жак катары келишимдер түзүлгөн экенин, жыгач-устундун акчалары накталай түрдө айдоочулар аркылуу берип жиберилип, товардык-коштомо документтерге кайра эле ошол айдоочулар кол коюп турушканын» аныктаган.    

Келишимдерде жана коштомо документтерде товардын алуучусу катары чындап эле Азиз Хусановдун маалыматтары көрсөтүлгөн. Бирок кээ бир дал келбестиктер болгон. Мисалы, Азиз Хусановдун Кыргызстандагы дареги катары ал эбак эле жашабай калган, мурда катталган дареги көрсөтүлгөн. Ошондуктан ага салыкчылардан жыгач-устун виргизгендиги үчүн салык төлөө керектиги тууралуу билдирүүлөр келбеген — аталган билдирүүлөр эски дарекке жөнөтүлүп турган. 

Ошол маалда Кыргызстандын Салык кызматы Хусанов алардан товар импорттоого уруксат албаганын тастыктады, болбосо ансыз ал жыгач-тактай киргизе албайт эле. Анын үстүнө Хусанов жыгач-тактай алам деп Орусияга келишим түзгөнү да барган эмес, бара албай болчу, себеби ага 2014-жылы эле карызкор катары өлкөдөн чыгууга тыюу салынган — бул боюнча чек ара кызматынан кат түрүндө берилген тастыктама бар. 

Томск облусунун Салык кызматы «Аргону» салык төлөөдөн качуу жана ыктымал алдамчылыкка текшере баштады.  

Копперфильд бул жакта калат 

Мындай таң калыштуу жагдайлар Хусановдун эле эмес, башкалардын да окуясында бар. Апиза Кожобековага жыгач-тактай саткан делген орусиялык жеке ишкер Алексей Жульдиков аны менен эч кандай келишим түзбөгөнүн, ага товар жеткирбегенин айтууда. Ал эми Орусиядан Кыргызстанга бул товарды жеткирип келген айдоочулар товардык-транспорттук коштомодо жүктүн ээси деп Кожобекова эмес, башкалар көрсөтүлүү болгонун ырасташты. 

Жыгач-тактай материалдары «Павловка» (Орусия) – «Карасу – автожол» (Казахстан) – «Ак-Тилек – автожол» (Кыргызстан) көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөнү чын. Казакстандын Жамбыл облусунун Кирешелер боюнча мамлекеттик департаменти жыгач материалдардын товардык-транспорттук коштомолорун берди, ал жерде жыгач-устун материалдарынын жөнөтүүчүсү деп Алексей Жульдиков эмес, 14 орус компаниясы жана жеке ишкерлер катталган. Ошол материалдарын алуучуларында да, документтерге ылайык, Апиза Кожобекова жок, бирок жети кыргыз компаниясы жана бир жеке ишкер бар.

Бирок кызыктын баары ушул жерде — Казакстандын «Карасу – автожол» өткөрмө пунктунан 600 метрдей аралыкта, Кыргызстандын «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда кыргыз салыкчылары кандайдыр бир табышмактуу себептер менен жыгач материалдардын алуучусу деп ошол компанияларды эмес, эч нерседен кабар-күмөнү жок Апиза Кожобекованы катташкан. Ошол эле маалда кыргыз жана казак салыкчылардын жыгач-устундарды ташып келген оор жүк унаалар тууралуу маалыматтары бирдей, бирок жөнөтүүчүлөр менен алуучулардын маалыматы дал келбей жатат да.  

Жапар-толкач жана Рыскулбек Тайга

«Клооп» жүк алуучулар жөнүндө маалыматты карап чыгып, кээ бир компаниялар бири-бири менен байланыштуу экенин аныктады. 

Юстиция министрлигинин реестринде «Флауо групп» ишканасынын телефон номери көрсөтүлгөн. GetContact тиркемеси аркылуу биз смартфон ээлери бул номерди «Абдыжапар Бекташев», «Жапар Толкач», «Абдыжапар Таможня Талас» деп сакташарын аныктадык. «Толкач» деп бир нерсеге мыйзамсыз жол менен жетүүгө жардам бергендер айтылат

Мындан тышкары, Салык кызматынын 2022-жылга карата базасында бул органга 845 миң сом карызы бар Бекташев Абдыжапар Аскарбекович деген таластык жеке ишкер табылды. 

Абдыжапар Бекташев чек арада бажыдан товар чыгарууга жардам бергенин «Клоопко» тастыктады. Анын айтымында, «Флауо групп» агасына катталган ишкана болгон, бирок ал жабылган, ага чейин компания дээрлик иштеген деле эмес. Ал токой материалдарын «Флауо групп» ишканасынын документтерин колдоно коюп, башка компания киргизгенин айтууда. 

«Товарды ким алганын билбейбиз, бирок кылмыш иши козголуп кеткендиктен биз [токой материалдары үчүн] салыктарды төлөп берип, фирманы жаап салалы дегенбиз. Келечекте [чыныгы карыз ээлери] менен чечишип алабыз деген үмүттө», — деди Бекташев «Клоопко». 

Дагы бир жүк алуучунун, «Фиш Фоод» ишканасынын негиздөөчүсү Данияр Жумадилов «Лумбер Кей Джи» ишканасына да ээлик кылат. Бул ишкананын Юстиция министрлигинин базасында катталган номери GetContact’та «Рыскелди Директор Лумбер Кейджи», «Рыскулбек Тайга Кейджи», «Рыстай Гсм Толкач», «Рыскул Б-р Там-я», «Сресроссия Бывшсотрудник», «Лес Рыскул» жана «Сопровождение Без Проблем» деп сакталган. Бул номер аркылуу чалып көрдүк, бирок эч кимди уга албадык — өчүк экен. 

Lumber

Англис тилинен бул сөз «токой материалдары» деп которулат

Эске салсак, Казакстандын Кирешелер департаментинин маалыматында «Тайга КейДжи» жана «Срес Россия» фирмалары Апиза Кожобекованын атына жазылган Орусиянын токой материалдарынын алуучулары катары көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, толкач Рыскулбек «Фиш Фоод» ишканасы аркылуу токой материалдардын чыныгы алуучу-ишканалары менен байланыштуу болушу мүмкүн. 

«Клооп» Орусиянын соттук базасынан жүк алуучулардын бири болгон «Тайга Групп» фирмасы чындап эле Орусиядан жыгач-тактай алгандыгы тууралуу маалыматтарды тапты. Ошондой эле «Клооп» «Ачык бюджет» порталынан ишкананын төлөмдөрүн текшерди. Текшергенде бул фирма менен башка токой товарын алуучу, кыргызстандык ишкер Абдурахим Валиев байланыштуу экенин аныктады. 2022-жылы ал «Тайга Групп» үчүн салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн экен. Валиев менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болбоду — анын да номери өчүк болуп чыкты. 

Бирок биз «Тайга Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Чыңгыз Бакыбаев менен сүйлөшө алдык. Ал «Клоопко» өзү да шылуундардын курмандыгы экенин билдирди.

Бакыбаевдин айтымында, эки жыл мурда ага Telegram аркылуу «бажыда жумуш» сунушталган — автоунаалардын документтерин жол-жоболоштурууга жардамдашуу. Ар бир машинадан миң сомдон төлөө убадаланган. Иш баштоодон мурда Бакыбаев айрым бир документтерге кол коюп бериши керек болгон. Бакыбаев белгиленген күндүн убактысында нотариска барып, окубастан бир топ документтерге кол коюп берген, андан кийин иш сунуштаган адам жок болуп кеткен. Убакыт өтүп, Бакыбаев ал күндү эстен чыгарып коёт. Бирок былтыр кышында Салык кызматынан карызы бар экени тууралуу кабар алган. Кабарды окуган Чыңгыз анын атына салыктык карызы 20 млн сомду түзгөн дагы бир, «Тулпар Гранд» ЖЧКсы деген компания катталганын билет. Ал эми Салык кызматынан Бакыбаев анын наамына катталган «Тайга Групп» жана «Тулпар Гранд» компанияларын кимдир бирөө иштетип жүргөнүн угат. 

Апиза Кожобекова менен Чынгыз Бакыбаевдин айтымында, алар чыгым гана тартышкан, «өнөктөштөрдөн» же «иш берүүчүлөрдөн» эч кандай акчалай пайда көрүшкөн эмес. Тескерисинче, салык туура эмес чегерилип калганын далилдеш үчүн Кожобекова көптөгөн убактысын жана далай акчасын короткон. Ал эми Бакыбаев болсо эми гана териштирүү жана чыгым болуунун алдында турат. Ал эмне кыларын билбей беймаза: Чыңгыз убактылуу салынган чакан үйдө турат, адвокатка акчасы жок. 

Буга окшогон учурлар көп    

Юрист Нургүл Абылкасымованын айтымында, ага бул окуянын чын-бышыгына жетиш үчүн баарына өзү жалгыз чуркаганга туура келген: көптөгөн кат-кайрылууларды жазуу, документтердин көчүрмөсүн алыш үчүн Казакстанга, Орусияга каттоо. Ошол аракетинин арты менен Абылкасымова Кожобекова менен Хусанов Кыргызстанга эч кандай токой материалдарын ташып келбегенин далилдей алган. Натыйжада өлкөнүн Салык кызматы алардын мойнунан чоочун бирөөнүн карызын алган. 

Бирок, чынында, токой материалдарын мыйзамсыз ташып келүү боюнча кылмыш иши аягына чыга элек. Хусанов менен Кожобекова бул ишти караган тергөөчүлөр бир нече жолу алмашканын айтышууда. 

Ошондой эле Апиза Кожобекова териштирүү учурунда ага курбусу бул окуянын башында тааныштырган, кийин аны алдап кеткен чала тааныш балдар 500 миң сом сунушташканын айтып берди. Алар андан бир нече жолу сотко барып коюуну суранып, беш жылдан кийин иши жабылып, чегерилген салыктар кечилерин убада кылышкан (салык карыздары боюнча эскирүү мөөнөтү — 6 жыл). Бирок Апиза бул жолу алардын айтканына ишенип, көнгөн эмес. Анын үстүнө бул дагы бир кылтак болгон болушу мүмкүн: ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу үчүн айып пул салынышы же адам эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эч бир айыбы жок адамдарга чоочун бирөөлөрдүн миллиондук салыктары илинген учурлар Кыргызстанда көп эле катталат. Салык кызматы «Клоопко» билдиргендей, 2020-жылдан 2023-жылдын июль айына чейин салык төлөөчүлөрдөн Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн товарлар импортү үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) чегерүүгө байланышкан учурлар боюнча 61 арыз-даттануу түшкөн. Анын ичинен 19у жалпы суммасы 47,6 млн сомду түзгөн жыгач материалдарынын импорту үчүн КНС менен байланыштуу. Арыз-даттануулардын үчү боюнча салык төлөөчүлөрдүн пайдасына чечим чыккан. 

Ошол эле учурда беш арыз өлкөгө товарды салык чегерилип калган адамдар эмес, башкалар алып келгени менен байланыштуу болгон. Башка бирөөнүн импортуна тиешеси жоктугун эки гана адам далилдей алды.    

Ошондо жыгач-тактайды ким ташыган болуп атат?

Кыргызстанга жыгачты ким ташыганы азыркыга чейин белгисиз, бирок бул схема салыктагы чиновниктердин аралашуусуз ишке ашмак деле болушу мүмкүн эмес. 

15-февралда УКМК Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Т.С Адучиев кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Адучиев кайсыл бир ишкерлер менен эсеп-фактураларды бурмалап, «жалган компанияларды» түзгөн. Бул фирмалар өз кезегинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн «Чалдовар» көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстанга товар ташыган. Бюджетке келтирген чыгым 63 млн сомду түзгөн.  

Адучиевдин компаниялары Кыргызстанга кандай товарларды ташыганы айтылган эмес. Бирок анын схемасы Апиза Кожобекова менен Азиз Хусанов жабыркаган схемага абдан окшош болууда. 

Эгер сиз дагы алдамчылылардын курмандыгы болсоңуз же андай шылуундар тууралуу маалыматыңыз бар болсо, биздин почтага жазыңыз: aruuke1@proton.me

Авторлору: Арууке Солтоной, Екатерина Резникова, Виктор Мухин