Ысык-Көл: 12 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү өз үйүнөн табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 6-класстын окуучусунун сөөгү табылды. Маалыматты «Клоопко» 27-февралда Ысык-Көл ОИИБм тастыктады. 

Маалыматка ылайык, окуя 20-февраль саат 11:00 чамасында Теплоключенка айылында болгон. 12 жаштагы мектеп окуучусунун сөөгү өз үйүнөн табылган. Ал өз жанын кыйган деп божомолдонууда. 

«Каза болгон өспүрүм 6-класстын окуучусу. Ал классташтары менен жакшы мамиледе болгон. Теңтуштары, мугалимдери менен чыр-чатактары болгон эмес. Ошондой эле акыркы убакта окууга көңүл коюп, жакшы окуп жүргөн», — деп айтылат билдирүүдө. 

Баланын энеси эмгек миграциясында болгондуктан, маркум атасы менен менен чоң энесинин колунда тарбияланып жаткан. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси. 

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Кыргызстанда ата-энеси эмгек миграциясына кеткен 277 миңден ашуун бала кароосуз калган. Бул тууралуу Кыргызстандагы балдардын 2019-жылдан 2021-жылга чейинки абалын анализдеп чыккандан кийин UNICEF билдирген.

UNICEF уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда мигранттардын балдары ар кандай зордук-зомбулукка көп туш болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

UNICEF: Кыргызстанда 200 миңден ашык бала эмгек миграциянын айынан кароосуз калган

Бишкектеги эки окуучунун өлүмү: Шектүүнү «актоо аракети» болуп жатканы айтылды