«Жетекчиси башка». Гүлжан Шерипбаева 24.kg’ге эч кандай тиешеси жок экенин айтты

24.kg маалымат агенттиги кайра каттоодон өтүп, басылмага журналист Гүлжан Шерипбаева негиздөөчү жана директор болгону тууралуу маалымат тарады. Юстиция министрлигинин сайтында агенттик 15-мартта кайра каттоодон өткөнү белгиленген.

Гүлжан Шерипбаева «Клоопко» 24.kg агенттигине эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ал «эки-үч күн күтсөңөр жаңы жетекчисин билесиңер» деп кошумчалады.

«Ал жакта менден кийин башка бирөө өткөрүп алган. Сайттын ички саясатын да билейм, тышкы саясатын да билбейм. Башка биз тааныган эле киши болот, күтө турсаңар. [Юстиция министрлигинин] сайты жаңылана элек окшойт», — деди ал.

Шерипбаева басылма Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп жатканда документке кол койгон-койбогонун «азырынча сыр» деп айтып, «эч кандай саясатташтырбай эле коёлу» деп белгиледи. 

Азырынча бул боюнча басылманын мурдагы жетекчиси Асел Оторбаева эч кандай маалымат бере элек. Ал басылманы 2017-жылдан бери жетектеп келген.

Ал эми 24.kg’нин шеф-редактору Махинур Ниязова кызматтан кеткенин кабарлады. Ал басылманын негиздөөчүсү эмнеге алмашканын боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады.

Басылманын жетекчилигине карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголголуп, 15-январда Оторбаева менен Ниязова күбө катары сурак беришкен. Ушул тапта иш тергелип бүтө элек. УКМК кайсы материал боюнча иш козгологонун ачыктай элек.

24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турат — ошол күнү УКМКнын кызматкерлери басылманын кеңсесин тинтип, мөөр басып кеткен.

Шерипбаева ким?

Гүлжан Шерипбаева былтыр ноябрь айында кармалып, кийин үй камагына чыккан. Ал «Массалык баш аламандыкка чакырык жасоого» шектелип жатканы айтылып, кийин «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты  козутуу» беренеси боюнча айып тагылганы белгилүү болгон.

Шерипбаеванын ысымы 2020-жылы эле бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон фейк-фермалардын алкагында атала баштаган.

Ал эми Матраимовду колдогон фейктердин артында учурдагы прездинеттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков турары айтылган.

Ошол кезде Шерипбаева «Клоопко» «депутаттыкка талапкер болгондордон ири суммадагы акча төлөп берүү сунушу түшкөнүнө карабай фейктер менен иштешпегенин» билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын Октябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун «кадыр-баркына шек келтирди» деген жүйө менен NazarNews басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?