Маданият министрлиги NazarNews басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун «кадыр-баркына шек келтирди» деген жүйө менен NazarNews басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарды. Бул тууралуу 19-октябрда «Азаттык» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, интернет басылмасынын сайтынын ишмердүүлүгүн токтотууга минкабдын төрагасынын «ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү макала жарыяланганы» себеп болгон.

NazarNews басылмасынын логотиби

«Министрлик Nazarnews.org сайтына ошол маалыматты алып салуу тууралуу эскертүү жөнөткөн. Эскертүү аткарылбаганына байланыштуу мыйзамдын талаптарына ылайык, аталган сайт ээсине карата маалыматты өчүрүп салуу тууралуу чечим Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жиберилген. Министрлик жөнөткөн чечим аткарылган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми басылма 19-октябрда «атайын чабуул болуп жатканына байланыштуу убактылуу иштебей» турганын жазды.

11-октябрда NazarNews басылмасынын сайтына «Акылбек Жапаров качан “каралар” сыяктуу кечирим сурайт болду экен?» деген аталыштагы макала жарыяланган. 

Макалада Акылбек Жапаров тууралуу «Кыргызстанды 32 жылдан бери тоноп, ичип-жеген коррупционер аткаминерлердин ар бирин кечирим суратып, болгон мүлкүн мамлекетке конфискация кылса, эл колдомок» деп жазылган. Учурда аталган макала басылманын сайтынан өчүрүлгөнү маалым болду.

Министрлик 13-октябрда сайттын ээсине аталган маалыматты «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын «Кыргызстандын интернет мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматты жайылтууга жол берилбейт» деген нормага байланыштуу өчүрүүнү талап кылып кат жолдогон.

Өкмөт башчысы аталган маселе боюнча азырынча комментарий бере элек.

«Клооптун» сайтынын бөгөттөлүшү

Буга чейин Маданият министрлиги «фейктер» жөнүндөгү мыйзамга ылайык «Клооптун» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Ага УКМКнын арызы негиз болгон — атайын кызмат басылманын «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген орус тилиндеги макаласы «УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.

Ал эми «Клооп» жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат болбогонуна байланыштуу макаланы өчүрүүдөн баш тартып, министрликтин талабына каршы даттанган. Бирок доо арыз 11-сентябрда четке кагылган

Бир катар белдүү эл аралык укук коргоо уюмдары жана медиакоомчулук «Клоопту» коргогон билдирүүлөрдү жасашкан. Алардын баары кыргыз бийлигин басылмага каршы арызды кайтарып алууга, журналисттерге карата куугунтукту жана сөз эркиндигине карата басымды токтотууга чакырышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Макала «УКМКнын аброюна шек келтирет». «Клооп» кантип бөгөттөлгөнүн айтып беребиз 

Прокуратура «Клооп» гранттык каражаттарын жашырды деп айтып жатат. Чынында — андай эмес

«Табышмактуу ЖМК». «Клооптун» материалдары боюнча соттук экспертизанын корутундусу