NazarNews басылмасынын редактору Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты

Гүлжан Шерипбаева. Сүрөт интернеттен алынды.

«Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутууга» шектелип кармалган NazarNews басылмасынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаеваны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу 21-ноябрда Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Шерипбаеванын кармалганы тууралуу 16-ноябрда белгилүү болгон. Анын иниси Майрамбек Каримов журналистти УКМКнын кызматкерлери кеңседен алып кетишкенин айткан.

Алгач журналист «Массалык баш аламандыкка чакырык жасоого» шектелип жатканы айтылып, кийин ага «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты  козутуу» беренеси боюнча айып тагылганы белгилүү болгон. Ал соттун чечими менен 1-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Шерипбаеванын ысымы 2020-жылы эле бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон фейк-фермалардын алкагында атала баштаган.

Ал эми Матраимовду колдогон фейктердин артында учурдагы прездинеттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков турары айтылган.

Бирок ошол кезде Шерипбаева өзү «Клоопко» «депутаттыкка талапкер болгондордон ири суммадагы акча төлөп берүү сунушу түшкөнүнө карабай фейктер менен иштешпегенин» билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын Октябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун «кадыр-баркына шек келтирди» деген жүйө менен NazarNews басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги NazarNews басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарды