Ноокаттагы сел: Баткендин тургундары жабыркагандарга жардам жөнөтүштү

Баткен облусунун тургундарынын атынан Ноокат районунда болгон селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жиберилди. Бул тууралуу Баткен обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Азык түлүк, өздүк гигиена каражаттары, турмуш тиричиликке керектүү жана өзгөчө кырдаалдардан кийинки калыбына келтирүү мезгилинде зарыл болгон буюмдар жеткирилди», - деп билдиришти мекемеден.

28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата аймагында жүргөн сел кеминде 10 кишинин өмүрүн алды. Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.