Ошко мартта алынып келген 100 автобус каттамга чыгат

4-июлдан тарта Өзбекстандан алынып келинген ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар №43 автобустук каттамга чыгат. Аталган каттам №143 кичи автобус каттамын алмаштырат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан кийинки жумадан тарта жаңы автобустар Юго-Восток кичи районундагы Аэропорт – Касымбеков – Раззаков – Масалиев – Тилеке-Баатыр – Исанов көчөлөрү боюнча №7 жаңы автобустук каттамга чыга баштаарын кошумчалашты.

Мындан тышкары, жакында жаңы автобустар №49 жана №25 автобустук каттамдарына чыгышат.

Автобустар июнда каттамга чыкмак. Бирок вице-мэр Сонунбек Жунусбаев видео-көзөмөл камералары орнотулуп жаткандыктан автобустардын ишке берилиши айтылган мөөнөтүнөн кечеңдеп жатканын маалымдаган.

Мартта Ош шаарына 100 автобус жана башка оор техникалар тапшырылган.