Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Өлкөнүн билим берүү системасы даярбы?

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылынан тартып 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү көздөп жатат. Соцтармактын колдонуучулары маселени кызуу талкууга алып, демилгени сынга алгандар менен колдогондор да арбын. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан тартып коомчулукка сунушталып жаткан «Алтын казык» мамлекеттик программасы тууралуу айтып беребиз.  

«Алтын казык» мамлекеттик программасы

Мектептеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын казык» мамлекеттик программасынын бет ачары быйыл жазда болгон

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров программада «адам капиталына инвестиция салуу боюнча жакынкы 10 жылга эң амбициялуу максаттар коюлганын» белгилеген

Программанын өзөгүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүү түзөт, ага ылайык 150 өлкөнүн билим берүү рыногуна жол ачылат.   

Жаңы системанын өзгөчөлүгү

23-июнда жарыяланган бул концепцияда балдар мектепке 6 жаштан барып, жаңы түзүлгөн окуу программасы менен билим алышары жазылган.  

Ал эми 10-12 класстарда кесипке карай багыт берилип, адистик алып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 

Концепцияда белгиленгендей, сунушталып жаткан система дүйнөдө кеңири таралган 6+3+3 модели боюнча түзүлгөн. Анда 1-6-класска чейин башталгыч, 7-9-класска чейин негизги, 10-12-класска чейин жалпы орто билим берилет.

Жаңы системага ылайык, башталгыч класстын окуучулары коомго аралашып, окуу, санариптик, тил көндүмдөрү өрчүтүлүп, окуучулардын билим деңгээли теңделет. Дүйнөлүк практиканы эске алуу менен, балдарды социалдаштырууга жана функционалдык жөндөмдөрүн калыптандырууга басым жасалат. Башкача айтканда, PISAнын алкагында текшериле турган көндүмдөрү өнүктүрүлөт.  

PISA- эл аралык билим берүү системасынын баалоо программасы.

Ал эми 7-9-класстарда окуучулардын негизги көндүмдөрү өнүктүрүлөт жана STEM (илим, технология, инженерия, искусство жана математика) билим берүүнүн негиздери менен сабактар өтүлөт. Жарандык компетенттүүлүктүн негиздери, жеке сапаттарды өнүктүрүү боюнча сабактар окутулат, профилге чейинки багыт берилет. Тилдер үйрөтүлөт.

10-12-класстарда окуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, тереңдетилген профилдик сабактар берилет. Окуучулардын тандоосуна жараша жогорку жана кесиптик окуу жайлар менен макулдашылып, практикалык багыттагы сабактар өтүлөт. Түзүлгөн программага ылайык, окуучуларды 11 кесипке үйрөтүү каралган. 

12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыгы барбы?  

Министр Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, 12 жылдык окууга өтүү дегенде, айрымдар жаңылып жаткандай бир жыл кошулбайт. Болгону «нөлүнчү класс» бир деп саналып, балдар азыркы эле жаш курагында мектепти аякташат. 

«Азыр 1-класска ар кандай даярдыктагы балдар келүүдө. Айрымдары бала бакчадан окуганды, жазганды үйрөнүп келсе, андай базалык даярдыгы жок, эчтеке билбей келгендери да бар. Ошондон улам кийин сабактарга жетишүүдө айрымачылыктар жаралууда. 12 жылдык окутуу мына ушул көйгөйдү эске алган», — дейт министрликтин басма сөз кызматы.

Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров эгерде концепцияда жазылгандай өзгөрүүлөр болсо, Кыргызстанда билимдин сапаты жакшырып, эл аралык деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деген пикирде. 

Ошол эле учурда, Сайназаров мугалимдерди «окуу программасынын туткуну» кылбай, аларды өздөрүнүн чеберчилигине жараша өзгөртүүгө эркиндик берүү керек деп эсептейт. 

Сайназаровдун пикиринде, менчик мектептерди өнүгүү борборлору катары алып, алардын тегерегине 10-15тей жөнөкөй мектептерди кошуп, ошолорго кол кабыш кыла тургандай система керек. 

«Сапат десе эле биз элиталык жакшы окуган окуучуларга көңүл буруп келебиз. Коомдун талылуу делген катмарынан чыккан балдар канчалык деңгээлде мектепке тартылып, билим деңгээли канчалык өсүп жатат? Ошону карасак жакшы болот эле. Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия камсыздаган мектептердин баарын шаарларга жайгаштырбай, көбүнчө кыштак, айыл жерлерине багыттаса жакшы болмок», — дейт ал.  

Ош билим берүү институтунун кызматкери Тынчтыбек Досмуратов болсо 12 жылдык билим берүү чет өлкөдөн билим алууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү экенин айтат.  

«Чет өлкөлүк окуу жайлар 12 жылдык билимди талап кылат. Кыргызстандык абитуриеттер ал жакта кошумча жыл окуп, бир жылын уттуруп келген», — дейт ал.  

Кыргызстандын билим берүү системасы буга даярбы?

Ал эми «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгесинин төрагасы Абдувахап Нурбаевдин айтмында, Кыргызстандын билим берүү системасы 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даяр эмес. Бул системага өтүү үчүн эки жыл аздык кылат. 

«Бул жерде даярдык маселеси бар да. 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз дегени менен мамлекеттин окуу стандарты, программалары, китептери, класстар даяр эмес. [..] Ошто, Бишкектеги мектептерде бир класста 50-60 окуучу окуйт. Дагы бир жыл эмне болот, каякка батат, ошого даяр болуп анан өтүш керек. Бизден бюджети чоң Казакстан 10 жылдан бери даярданып, өтө албай жатат», — дейт Нурбаев. 

Экс-депутат, бул үчүн мамлекет жетиштүү акча каражатын бөлүп, эл жыш жайгашкан жерлерге жаңы имараттарды куруп, мугалимдерди даярдаган соң гана өтсө болот деген пикирде. 

«Эки жылда өтөөрүнө менин көзүм жетпейт», — дейт ал.