Туманбаев элди Ала-Арчадагы жаңы ресторанга келип эс алууга чакырды

29-августта Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбук барагына «Ала-Арча» жаратылыш паркында жаңы ресторан ачылганын жазды.

«Сизди кыргыздын кооз тоолору жана кереметтүү табиятынын фонунда мыкты тамак-аштан ырахат алууга чакырабыз. Жайлуу атмосфера, таза аба жана укмуштуудай көрүнүш эс алууңузду унутулгус кылат. Үй-бүлө жана досторуңуз менен келип, мыкты тамактарыбызды татып көрүңүз», — деп жазды Туманбаев.

Былтыр январда Ала-Арчадагы эски альплагердин ордуна конок үйлөр курулары белгилүү болгон. Аны мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга келишим алган «Модуль Хаус» ишканасы курган.

Аталган ишкананын президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана өлкө башчынын уулунун досу менен байланышы бар экени «Клооп», OCCRP жана Temirov Live’дын иликтөөсүндө айтылган. Туманбаевдин мамлекеттик ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан мындан башка дагы төрт ишканага катыштыгы бар экени айтылган.

«Модуль Хаус» Ала-Арчадагы конок үйлөрдөн тышкары президенттин резиденциясына караштуу үйлөр, Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң курортунун реконструкциясы, Асман-ситидеги курулуш кызматкелери үчүн жатакана сыяктуу мамлекеттик ири долбоорлорду ишке ашырган.

Ири долбоорлорду ишке ашырууга келишим алган беш компания тең өз ара бири-бири менен байланышта экени аныкталган. Ал ишканалар келишим алган алты ири долбоордун наркы 137 млн АКШ доллар экени айтылган.

Иликтөөнү кененирээк бул жерден окуңуз: https://bit.ly/3ywX5bY