Ош: Бир жыл мурда 45,3 млн сомго курулган өтмөктүн лифти иштебей турат

Ош шаарындагы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол үстү өтмөгүнүн бир тарабындагы лифти 15-августтан бери иштебей турат. Мэриядан лифтти оңдоо үчүн керектүү тетиктер Түркиядан күтүлүп жатканын айтышууда. 

Шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңиш Чоноев «Клоопко»  лифттин тынымсыз иштегени бузулушуна бир себеп деп билдирди. Ал «студенттер, жаш балдар ойноп, токтоосуз чыгып-түшкөндүктөн күч келгенин»  айтууда. 

«Лифттин электрондук башкаруучу плата-чагылдыргычы бузулуп калыптыр. Аны менен эшиктин ачылып жабылып турушу башкарылат. Техниканы Түркиядан алдыртып жатабыз. Бир жуманын ичинде келип калат. Ага чейин 2 саат иштетип, кайра жарым саат тындырып иштетип тургула дедим», — дейт ал.

Өткөн жылдын 20-сентябрында ишке киргизилген лифттер бир жылга жетпеген убакытта бир нече ирет бузулуп, учурда бир тарабы толугу менен иштебей турат.

«Лифттерди тейлеген атайын бөлүм бар. Аларга атайын акча бөлүнгөн. Эгер майда бузулуулар болсо ошол каражаттын эсебинен оңдошот. Көп чыгымды талап кылса акчаны жергиликтүү бийлик бөлүп берет. Түркиядан алынып жаткан техниканын баасын билбейбиз. Алынып келинип, оңдолгондон кийин эсептеп берсе анан төлөп беребиз», дейт Чоноев.

Жөө жүргүнчүлөргө ылайыкталган 45,3 млн сомдук өтмөк өткөн жылы эгемендүүлүк күнүнө карата — август айында пайдаланууга берилген. Ал эми эксплуатациядан өткөн жылдын декабрында гана өткөн.  

Мэрия өтмөк жол тыгынын азайтат деп пландаган, анткен менен активисттер өтмөк көйгөйдү чечпей турганын айтышкан. Ал эми урбанист Алтынай Ногойбаева жол тыгыны көйгөйүн чечүү үчүн жүргүнчүлөрдү чектегендин ордуна, автомобилдердин санын кыскартуу керек деп эсептеген

Өтмөк курулуп, пайдаланууга берилгенден көп өтпөй соцтармактарда өтмөктө «жарака пайда болуп, авариялык абалга кептелгени» айтылган видео тараган. Бирок мэриядан ал жарака экенин четке кагышкан.  

Ал эми курулуш бүтө электе, 5-августта, өтмөктүн бир бөлүгүнө куюлган бетон агып түшкөн. Анда мэриядан «өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген жок» деп ишендиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА ДАГЫ ОКУҢУЗ: Ошто 45,3 млн сомго өтмөк курула баштады. Ал эмне үчүн пайдасыз экенин (мэрияга) түшүндүрөбүз