Видео: Оштогу жаңы курулуп жаткан жер үстүндөгү өтмөктүн бир бөлүгү урап калды

5-августта социалдык тармактарда Ош шаарындагы жаңы курулуп жаткан жер үстүндөгү өтмөктүн бир бөлүгү урап калганы тартылган видеолор тарады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от BespredelKG (@bespredelkg30)

Анда Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан өтмөктүн бир бөлүгүнүн бетону жок, темирден жасалган өзөгү гана калганын көрүүгө болот. Аны тиреп турган устундар урап түшкөн.

Ош мэриясынан дароо билдирүү таратып, соцтүйүндөгү «көпүрө кулап калды» деген маалыматты четке кагышты. Мекемеден «өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген эмес» деп ишендиришти.

«Эч нерсе болгон жок. Азыр айтылып жаткан жер бетон куюу учурунда бир бөлүгүндө техникалык мүчүлүштүк болуп, жаңыдан куюлуп жаткан бетон агып түшүп калган. Жабыркаган эч ким жок. Ал эми келтирилген чыгымды куруучу компания өз жоопкерчилигине алат», — деп белгилешти мэриядан.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн ылайыкталган айланма өтмөк үстүбүздөгү жылдын май айында курулуп башталган. Аны 26 жаштагы Амантур Абылов жетектеген «Сапат Курулуш ЛТД» ЖЧКсы 45 млн 297 миң 603 сомго курууда.

Калаа бийлиги бул долбоор ишке ашса «шаардагы жол тыгыны жоюлат» деп ишендирүүдө. Курулуш күз айларында бүтүп, пайдаланууга берилери айтылган.

Буга чейин «Клооп» аталган долбоордун эмнеге пайдасыз экенин түшүндүргөн. Анда Peshcom демилгесинин урбанисти Алтынай Нойгойбаева өтмөк жол тыгыны боюнча маселени чечпей турганын тастыктап, альтернативдүү варианттарды сунуштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 45,3 млн сомго өтмөк курула баштады. Ал эмне үчүн пайдасыз экенин (мэрияга) түшүндүрөбүз