«Балдарынын бараар жери жок». 9 жылга кесилген Даниел Ажиевдин апасы президентке кайрылды

Сайкал Ажиева абактагы уулунун 2 миллион долларга бааланган мүлкү конфискацияланганын айтып, өлкө башчы Садыр Жапаровдон жардам сурады.

Ал жада калса өзүнө катталган батири да мамлекетке өтүп, Ажиевдин жубайы эки баласы менен эч нерсеси жок калганын белгиледи.

«Баламдын үч батири, эки жер тамы, төрт унаасы конфискацияланды. Жалпы мал-мүлкү 2 миллион долларга барабар. Эч кандай мүлкун калтырган жок. Баламдын келинчеги, кичинекей үч баласы бар. Улуусу оор абалда майып. Эч нерсеси калган жок. Мейли, баарын конфискация кылгыла, баарын алгыла. Жок дегенде өздөрү жашаган батирди калтырса болмок. Балам түрмөдө отурса, келиним үч баласы, оорулуу баласы менен бара турган жери жок»,
— деди ал.

Даниэл Ажиев трансулуттук вебкам-студиялардын түйүнүн уюштурганы үчүн 2023-жылы 5-июнда кармалган. Быйыл 31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны тогуз жылга кескен.

Сот аны притондорду уюштуруу, иштетүү, порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу, уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана алдамчылык жол менен мүлктүк зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Соцтүйүндө байманалуу жашоосун көрсөтүп мактанган белгилүү бизнесмен Ажиев мурда да порнография жасоого шектелип кармалган. Ал пандемия учурунда кайрылуу жасап, кыргызстандыктарга шек келтирип, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, экс-депутат Алиярбек Абжалиевдин уулун кылмыштуулукка айыптап чыккандан кийин коомчулукка кеңири таанылган.