Парламент чектен ашып ызы-чуу кылууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 23-октябрда «Тынчтык жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, турак үй, билим берүү мекемелери жана башка жайлардын жанында белгилүү бир убакытта белгиленген чектен өтүп ызы-чуу чыгарганга тыюу салынат.

Долбоордун демилгечилери, депутаттар Дастан Бекешев менен Сеид Атамбаев мындай чаранын максаты — кыргызстандыктардын саламаттыгын «үн басымдары менен ызы-чуунун зыяндуу таасиринен» коргоо экенин билдиришти.

Алар айрым адамдар менен мекемелердин «адамгерчиликтүүлүгүнө үмүт арта берүүгө» болбойт деген пикирде. Анткени алар «болушунча көп акча табууга бардык аракетин жумшап, бакылдаган досторун конокко чакырган адам өзүн андай эс алууга укуктуумун деп эсептейт».

«Бирөөлөрдүн көңүл ачуусу же батирлердин бириндеги курулуш иштери көп адамдын тынчын алып, алардын уйкусуз түнүнө себеп болушу мүмкүн. [...] Уйкунун жетишсиздиги борбордук нерв системасынын бузулушуна, өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө жана баш ооруларына алып келет [...] Булар жүрөк оорусуна же инсультка себеп болушу ыктымал», — деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Документтин авторлору иш күндөрү кечки саат 10дон таңкы 7ге чейин, дем алыш жана майрам күндөрү кечки 10дон эртең мененки 9га чейин чектен ашып ызы-чуу кылууга тыюу салууну сунуштап жатышат. Ызы-чуу деңгээлин Минкаб бекитет.

Мындан тышкары парламент «тынчтыкты бузгандарга» жаза чараларын да кабыл алды.

Тыюу милициянын, тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтарынын унааларына, ошондой эле диний жана массалык иш-чаралардагы катуу үндөргө тиешелүү эмес. Мындан тышкары курулуш документине ылайык айрым иштерди токтотууга болбой турган учурларда да чектөө коюлбайт.