Рахима Айкымбаеваны мыкаачылык менен өлтүргөн мурдагы күйөөсү 15 жылга кесилди

Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Сот шектүү Каныбек Байсаловду «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратты. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

«Жабырлануучу тараптын арызы жарым-жартылай канааттандырылды. Айыпталуучудан моралдык зыян келтиргени үчүн 300 миң сом кенемте өндүрүлдү»,— деши райондук соттон.

34 жаштагы Рахима Айкымбаева апрель айында өлтүрүлүп, шектүү катары эки ай мурда ажырашкан жолдошу кармалган.

Ал кичинекей кызын уктатып жаткан Рахиманы 27 жолу бычактаган. Башка бөлмөдө жашы жете элек эки уулу уктап жаткан.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Рахиманы мурдагы күйөөсү бир нече жолу уруп, милицияга кайрылган. Бирок милиция үй-бүлөнүн ишине кийлигишпей турганын айтып, жардам берүүдөн баш тарткан. Рахиманын артында үч баласы калды.

Кыргызстанда жыл сайын аялдар өз күйөөлөрү, жарандык никедеги адамы же мурдагы өнөктөшүнүн колунан каза тапкан ондогон учурлар катталып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат. 2023-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 177 өлкөнүн ичинен 95-орунду ээлеп, экинчи жыл катары менен Борбор Азиядагы аялдар үчүн кооптуу өлкө деп табылган.