Кыргызстан балдарды уруп жазалоого тыюу салуу милдеттенмесин алды

Image description

Кыргызстан Панама, Уганда, Бурунди, Шри-Ланка жана Чех Республикасы менен бирге балдарды уруп жазалоого тыюу салуу милдеттенмесин алды. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөлөр бул жөнүндө 7-8-ноябрь күндөрү Колумбияда өткөн БУУнун Балдар зомбулугуна каршы күрөшүү боюнча алгачкы дүйнөлүк конференциясынын алдында билдиришти. 

Басылма кеп балдарга карата «жеңил» дене жазалары менен катар эле «алардын абийирине шек келтире турган катаал жазалар» (буга физикалык эмес зомбулук да кирет) жөнүндө да болуп жатканын белгиледи. 

«[Бул өлкөлөрдө] жалпысынан 150 миллионго жакын бала жашайт жана [бул милдеттенме] алар үчүн олуттуу жылыш. Бул калган дүйнөгө биздин бара жаткан багытты жана мындан ары балдарга карата зомбулукту кабыл албай турганыбызды көрсөтө турган өтө күчтүү белги», — деди ДССУнун балдар зомбулугуна каршы күрөшүү боюнча адиси.

Кыргызстанда жыл сайын балдар физикалык, сексуалдык жана эмоционалдык зомбулуктан жабыркап келишет. Мындай учурлардын айрымдары балдардын өлүмү менен да аяктайт. Балдарга карата зомбулуктун кандай гана түрү болбосун, алардын кичинекейинен тарта бойго жеткенге чейинки курагында да оор кесепеттерге алып келет.