Кызыл-Кыяда төрт өспүрүмдү сабаган топ балдар кармалды

Image descriptionБуга чейин социалдык тармактарда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында топ балдар өспүрүмдөрдү сабап жаткан видеосу тараган.

Баткен облустук милициясы окуя 23-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Таштемир ажы базарынын аймагында болгонун билдирди. Ур-токмокко кабылган 17 жаштагы төрт өспүрүмдүн ата-энелери арыз жазып, аларды топ балдар себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин айтышкан.

Окуяга шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын жашы жете элек 12 тургуну кармалган. Аларга карата «Бейбаштык» беренеси менен иш козголгон.

Учурда кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда сурак берип жатат, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Былтыр окулукта балдар мушташа кетип, бир жигит бычак жеп каза болгон. Ушундай эле окуя Жалал-Абаддын Аксы районунда да катталган.