Аксы: Өспүрүмдөр мушташа кетип, 17 жаштагы окуучу бычак жеп каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки өспүрүм уруша кетип, 17 жаштагы окуучу каза тапты. Маалыматты «Клоопко» 7-декабрда Жалал-Абад облустук милициясы тастыктады. 

Маалыматка ылайык, окуя 5-декабрда болгон. Аксы районунда эки өспүрүм пикир келишпестиктен улам уруша кетип, бири экинчисин көкүрөк тушка бычак менен сайып жиберген. Натыйжада кесиптик лицейде окуган бала каза болгон. 

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Аксы районуна караштуу Авлетим айылынын 16 жаштагы тургуну кармалган.

Шектүү Жалал-Абад облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Буга чейин, жыл башында Сокулукта балдар мушташа кетип, бир жигит бычак жеп каза болгон. Кийин Баткен облусунун Сузак районунда да 8-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгону айтылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Интернатта ур-токмоктон каза тапкан Якуниндин агасы тергөөчүнүн аракетсиздигине арызданды

Жалал-Абадда бычакталган киши шектүүлөр коё берилгенин айтып чыкты. Сот аны төгүндөдү