Сокулукта балдар мушташа кетип, бир жигит бычак жеп каза болду

Чүй облусунун Сокулук районунда топ балдар мушташа кетип, 29 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу 12-февралда «Клоопко» Чуй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-февралга караган түнү саат 03:30 чамасында милицияга Сокулук айылында белгисиз бирөө жаш уланды бычак менен сайып жибергени тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына каттоого алынган. Жерине барган милиция кызматкерлери жабырлануучу каза болгонун аныкташкан.

«Маркум беш досу менен Сокулук айылындагы дүкөндө болгон. Алар бейтааныш эки жигит менен уруша кетишкен. Мушташ учурунда бейтааныш бала дүкөндөн бычак алып чыгып, балдардын бирин көкүрөк тушка сайган. Ал жеринде каза болгон», — дешти милициядан.

Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 17 жана 18 жаштагы эки бала кармалып, бири убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Автору: Каным Кыдырова

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Кесиптик лицейдин студенттери уруша кетип, 16 жаштагы бала каза болду