Оштук мугалим Илгиз Шамырзаев 2021-2022-жылдары эки сынактан 2 батир утуп, бирок ала албай жүргөн. Бүгүн, 20-декабрда ал батирлүү болгонун «Клоопко» өзү тастыктады.
«Биринчи сынакты Ош мэриясы уюштуруп, сертификатты ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашов тапшырган эле. Бирок компаниялар түрдүү себептерди айтып, үйдү берген эмес. Сарыбашов өзүнүн демилгеси менен 1 бөлмөлүү үйдүн ачкычын бүгүн тапшырды. Азыр көчүп келип жашап баштадым» — деди Илгиз Шамырзаев.
Анын айтымында, батир Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашовдон белек катары берилди. Ал шаардагы 5 кабаттуу үйлөрдүн биринде жайгашып, жашоо үчүн бардык шарттары каралган.
Илгиз Шамырзаев 2 батирди кантип уткан
Шамырзаев 2021-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагында баш байгени утуп, 1 бөлмөлүү батирдин сертификатын алган. Бирок ал «Клоопко» үй-бүлөсү менен ижарада жашап жатканын 1 ай мурда айтып берген эле.
«2021-жылдын 20-майында Сарыбашовдун колунан 1 бөлмөлүү батирдин сертификатын алганмын. Дээрлик 4 жылдан бери ала албай келем. Ошол кездеги мэр Таалайбек Сарыбашовго кайрылсам сертификатты мэр катары тапшыгырганын, батирди «Эмаком» компаниясы бериши керектигин айткан. Бирок бул иш-чара Ош мэриясы тарабынан уюштурулган, демек, маселени чечүү жоопкерчилиги аларда болушу керек. Бардык катышуучулар сыйлыктарын алып, мен сыйлыксыз калдым»,- деген Шамырзаев.
Мугалим компанияга бир нече ирет кайрылганы менен маселе чечилген эмес.
Шамурзаев кийин, 2022-жылы «Билим азыгы» аталышындагы мугалимдер коомдук бирикмеси уюштурган «Заманбап мугалим-2022» сынагында да 1 бөлмөлүү батир уткан. Анда да Ихсан кооперативинин сертификаты тапшырылган.
«Экинчи батирди утканыма деле 3 жыл болуп калды. Эки батир боюнча тең уюштуруучулар демөөрчүлөргө, демөөрчүлөр уюштуруучуларга жоопкерчиликти артып коюп атат. Мен азыр ижарага батир алып, айына 17-20 миң төлөп жашап жатам»,– деп айтып берген анда мугалим.
Эки батирин тең ала албагандан кийин Илгиз Шамырзаев президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди билим берүү тармагына көңүл бөлүүгө чакырган.
Жылдын мыкты мугалимине кимдер демөөрчүлүк кылган?
«Жылдын мыкты мугалими - 2021» сынагын Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мэриянын колдоосу менен өткөргөн.
Сынакка жалпы 42 мугалим катышып, финалга 7 мугалим чыккан. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Ош шаарынын мэриясы демөөрчүлөр менен биргеликте берген.
Жарышка курулуш компаниялар, «Карс» такси кызматы, «Кудайберди» базары, Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти, Борбордук базар, «Атабек», «Исламбек», «Кут ордо» кафелеринин ээлери демөөрчүлүк кылышкан.
«Заманбап мугалим-2022» конкурсунда баш байгеге Ихсан кооперативинен батир коюлган. Чет мамлекетке саякаттар берилген. Ага да курулуш компания, коомдук фонд, тур компания жана клиникалар колдоо көрсөткөн.
Мугалимдин 2 батир утуп, бирок ижарада жашап жатканы тууралуу маалымат соцтармакка чыккандан кийин кызуу талкууга алынган.
Ага сыйлыкты тапшырган Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Таалайбек Сарыбашов кайрылуу жасап, мугалимдин маселесин чечип берерин айткан болчу.
«Мен бул талкууларды, сын-пикирлерди абдан туура түшүнөм. Агайдын абалын да түшүнүп турам. Менин юридикалык жактан жоопкерчилигим жок болсо да, ошол убакта мэр катары белекти тапшырып, сүрөткө түшкөнүбүз үчүн күнөөлөнүп жатканымды сезип турам. Ошол кездеги мэр катары туура сын. Илгиз агайдын батир маселесиндеги убадасы, юридикалык жактан тастыктаган документтерди колу менен берген тиешелүү адамдар чечип бербесе да, мен чечип берем. Бүгүн жардамчыларым аркылуу Илгизге да айттырдым. Илгизди батирлүү кылабыз!»– деген депутат.
Сынакты уюштурган Ош мэриясы болсо бул маселе боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын гана айкан.
Демөөрчү болгон компаниялардын абалы
«Эмакомдун» директору тургундарды 27 млн 92,5 миң сомго алдаган деп 2-октябрда кармалган. Ага «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Буга чейин компанияга акча төлөп, бирок үйлөрүн ала албай жаткан ондогон адам нааразычылыктарын айтып келишкен.
«Ихсан» турак жай курулуш кооперативинин эки жооптуу кызматкерине 400дөн ашык айып коюлуп, жабырлануучулар 425 миллион сомдон ашык чыгымга учураган. «Алдамчылык» беренесинин негизинде козголгон иликтөө иши уланып жатат. Жооптуу кызматкерлерге «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Андан сырткары, турак жай кооперативинин түштүк аймагындагы филиалына карата 330 факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучулардын жалпы материалдык чыгымы 276 миллион сомдон ашык деп бааланууда.