«Ихсан» кооперативи тургундарга жалпы 701 млн сом чыгым келтиргени аныкталды

18-январда Ички иштер министрлигинен «Ихсан» турак жай курулуш кооперативине «Алдамчылык» беренесинин негизинде козголгон иликтөө иши уланып жатканын билдиришти

Маалыматка ылайык, 2022-жылы кооперативдин эки жооптуу кызматкерине 400дөн ашык айып коюлуп, жабырлануучулар 425 миллион сомдон ашык чыгымга учураган. Жооптуу кызматкерлерге «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 

Андан сырткары, турак жай кооперативинин түштүк аймагындагы филиалына карата 330 факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучулардын жалпы материалдык чыгымы 276 миллион сомдон ашык деп бааланууда.

«Учурда кооператив ишмердүүлүгүн улантууда. Себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып, турак жай алганы белгилүү. Ошол эле турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражаттарын төлөп келишүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн жылдын башында аталган кооперативге акча салып, ала албай калган эки аял компаниянын кеңсесин өрттөөгө аракет кылган

«Ихсан» кооперативи

2022-жылдын март айынан тарта өлкөнүн бардын аймактарынан «Ихсан» кооперативинин үстүнөн арыздар түшө баштаган. Тургундар аталган кооперативге акчаларын салып, бирок убадаланган мүлктү албаганына даттанышкан. Ал эми «Ихсандын» мүчөлүгүнөн чыккан тургундар акчаларын кайтарып ала алган эмес.

Ошол кездеги маалымат боюнча, келтирилген зыян 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн. «Ихсан» кооперативи бул сумманын ордун толтурган эмес.

Мындан улам ИИМ кооперативдин үстүнөн «Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми кооперативдин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 11-июлда кармалган.

ИИМден аталган кооперативде каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтышып, кыргызстандыктарды ага кошулуудан карманууга чакырышкан. Ошондой эле кооперативге салынган акчалар кайтарылбашы мүмкүн экенин эскертишкен.

Буга чейин аталган кооперативге нааразы болгон тургундар бир нече жолу митингге чыгышкан. Убадаланган мүлктү ала албаган кооператив мүчөлөрү акчаларын кайтарууну талап кылышкан. Ошондой эле бийликтен бул ишти көзөмөлгө алууну суранышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Милиция эки аял «Ихсандын» кеңсесин өрттөөгө аракет кылганын билдирди

«Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалды