«Эмаком» курулуш компаниясынын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Сүрөт: Октябрь РИИБ

«Эмакомдун» директору тургундарды 27 млн 92,5 миң сомго алдаган деп шектелип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» 2-октябрда Октябрь РИИБнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 27-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну арыз жазган. Анда 2020-жылдын 11-августунда шаардагы курулуш компанияларынын биринин директору Фучик көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир берүүнү  убадалап, 1 млн 921,8 миң сом алып, алдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, курулуш компаниянын 32 жаштагы директору кармалды. Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга дагы катыштыгы бар экени кошумчаланды. 

Учурда шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланып жатат.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо төмөндөгү номурларга байланышууну суранат: 0505 106 565; 0500 030 200; 0701 002 688.

Буга чейин, 7-сентябрда «Эмаком» курулуш компаниясына акчасын төлөп, бирок батирлерин ала албай жаткан үлүшчүлөрдүн маселеси парламенттин жыйынында көтөрүлгөн

Анда Бишкектин Чыгыш-5 районунда курулары айтылган үй салынбай, ишканага акчасын төлөгөн тургундар үйүн да, акчасын да ала албай жатканы белгилүү болгон. 

Ал эми компаниянын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов «ага чейин ишкананы башкаларга өткөрүп бергенин, алданган үлүшчүлөргө тиешеси жок экенин» айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция кыз уурдоо көйгөйүн мыскылдап жарнама чыгарган курулуш компаниясына эскертүү берди

УКМК: Коррупцияда айыпталгандар камактан бошотулса да жоопкерчиликке тартылат