Сот өспүрүмдөн акча опузалаган милиция кызматкерин айыпка жыкты

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту өспүрүмдөн акча опузалаган милиция кызматкерин 500 миң сом айыпка жыкты.

Соттун басма сөз кызматынан ал «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылганын билдиришти. Айып катары төлөнгөн сумма мамлекеттин кирешесине кошулат.

Сот ошондой эле милиция кызматкерин жабырлануучуга моралдык зыян катары 50 миң сом жана материалдык чыгым катары 340 300 сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Бирок сот укук коргоо кызматкерин «Коркунучта калтыруу» беренеси боюнча актады. Ага коркутуп, акча опузалагандан кийин эс-учун жоготкон өспүрүмдү таштап кеткен деген айып тагылган.

Өкүмдө милиция кызматкеринин аракеттеринде кылмыштын курамы болбогону жазылган.

Соттон өспүрүмдүн өкүлдөрү чечим менен макул болбой, шаардык сотко апелляциялык арыз бергенин кошумчалашты.

Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, сот ошондой эле айыпталуучунун үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын да жокко чыгарды.

Ал арада жабырлануучунун өкүлдөрү журналисттерге сот «окуя болгон жерде өспүрүмдүн эс-учун жоготконун эске албаганын» билдиришти. Алардын айтымында, милиция кызматкери «аны жерде жаткан абалында таштап кеткен».

«Өкүмдө айыпталуучу белгилүү бир убакыттан кийин кайра жумушуна кайтып келе алары-албасы жазылган эмес. Өкүмдү жабырлануучунун абалын эске албастан эле чыгарышкан. Өспүрүм инсульт болгондон кийин дагы деле толук кандуу жашоого кайта элек», — деп билдиришти алар.

2024-жылы июлда Башкы прокуратура ИИМдин Күзөт бөлүмүнүн кызматкери 16 жаштагы өспүрүмдөн коомдук жайда электрондук тамеки чеккени үчүн 1 миң сом опузалап алганын билдирген.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, кысым көрсөтүлгөндүктөн өспүрүм эс учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Ал геморрагиялык инсульт диагнозу менен оор абалда интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылган. Милиция кызматкери болсо акчаны алган соң өспүрүмдү коркунучта калтырып кетип калган. Прокуратура ага «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Коркунучта калтыруу» беренелери менен кылмыш иши козгогон.