Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кыймылсыз мүлк сатууда жана сатып алууда жарандардан талап кылынып келген салык карызы тууралуу маалымкатты жокко чыгарды.
Мындан ары жарандын салык карызынын бар же жок экендиги тууралуу маалымат автоматтык түрдө «Кадастрда» жеткиликтүү болот.
«Карыз болгон учурда кыймылсыз мүлктүн сатуучулары анын суммасы жана онлайн төлөө мүмкүндүгү жөнүндө дароо маалымат алышат. Карызды төлөгөндөн кийин бүтүмдү дароо тариздөөгө болот», — деп жазылган Салык кызматынын билдирүүсүндө.
Мекеменин басма сөз кызматы салык органдарынан маалымкат алууну жокко чыгаруу — коррупциялык тобокелдиктерди азайта турганын билдирди.
«Анткени мурда жарандар документти тездетип тариздөө үчүн кошумча сумма төлөгөн учурлар жөнүндө сигналдар келип түшкөн», — деп белгилешти мекемеден.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, маалымкаттан баш тартуу — жарандарга кошумча документтерди чогултууга убакыт коротпостон, бүтүмдүн башка бөлүгүнө көңүл бурууга мүмкүндүк берет.