Саясатчылар үчүн спорт — пиардын гана эмес, акча табуунун да мыкты жолу. Бишкекте УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен туугандары куруп жаткан «Барселонанын» футболдук академиясынын жанында элиталык турак жай кварталы пайда болот. Аны кура турган адамдарга шаардын 17 гектар жерин Президенттин иш башкармалыгы ижарага берсе, Ташиев төрага орун басары болуп иштеп жаткан Мининстрлер кабинети аларды салыктардан бошоткон. Ал кишилердин бизнес таланттары Ташиев менен Жапаров бийликке келгенден кийин жаңы деңгээлге чыкты.
Ташиевден Ташиевге
Бишкектеги «Барселонанын» футболдук академиясын «Жал Групп Азия» компаниясы куруп жатат. Компания «Барсанын» академияларын курууга франшиза алган жана Жалал-Абадда да ушундай эле академияны курган. «Клооп» бул жөнүндө 2023-жылы жайында «"Барса”, Росатом жана Ташиев» деген иликтөөсүндө кеңири жазган. Анда биз франшизанын артында президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары жана туугандары турганы жөнүндө айтып бергенбиз.
«Барсанын» академиялары дүйнөнүн бардык жеринде франшиза менен иштейт. Испаниялык атактуу «Барселона» футболдук клубунун жергиликтүү өнөктөшү «Барсанын» стандарттарына туура келе турган оюн талаасы менен футболдук мектебин өз эсебинен курат. Ошондой эле «Барсанын» брендин, окутуу технологияларын колдонуу жана мерчтерин сатууга эксклюзивдүү укук бере турган расмий өнөктөштүк үчүн клубга акча төлөйт.
Болжол менен иликтөө жарыялангандан бир жума өткөндөн кийин Бишкек прокуратурасы «Клооп Медианы» жоюу тууралуу сотко доо арыз берген. Кийин Маданият министрлиги Улуттук коопсуздук комитетинин арызы боюнча «Клооптун» сайтын бөгөттөөнү талап кылган. Прокуратуранын арызын сот канааттандырган, ал эми 2023-жылдын 12-сентябрында Кыргызстанда Kloop.kg сайты бөгөттөлгөн.
Бишкекте «Барса» академиясынын долбооруна дагы 11 компания катышууда.
Бул Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы буйругу менен тастыкталат. Ага ылайык, Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы «Барса» академияларынын курулушу менен алектенип жаткан 12 компания кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулган.
«Клооп» менен Temirov Live алардын өз ара байланышын изилдеп чыгып, көпчүлүгү Ташиевдин туугандары жана жакындары менен байланышта экенин аныкташты. Алардын арасында Ташиевдин инилери Толкунбек Каныбеков, Сыймык Тыныбеков, күйөө баласы Нурлан Шайдиллаев жана Садыр Жапаровдун ыктымал кайнагасы Ракатбек Асанбаев бар.
«Жал Групп Азия» компаниясынын президенти Айбек Алыбаев «Барсанын» Кыргызстандагы эки академиясын тең Ташиевдердин үй-бүлөсү куруп жатканын, а идеяны УКМКнын башчысы өзү алдыга сүрөп жатканын жашырбайт. Алыбаевдин айтымында, алар Ташиев менен курулуш боюнча сүйлөшүүлөрдү эски достор катары жүргүзүшкөн.
«Бул базаны биздин өлкөнүн жетекчилеринин бири, урматтуу Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич кура баштаган. Ал киши менен биздин 15-20 жылдык достук мамилебиз бар. Футбол академиясы курула баштаганга чейин мен 10 жыл чет өлкөдө — Бельгияда, Барселонада жашагам... Менин байланыштарым менен досумдун өжөрлүгү өз ролун ойноду жана биз мүмкүнчүлүктөрдү издей баштап, акырында таптык. Клуб менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, алар бизге өтө жакшы мамиле кылышты... Бул клуб Жалал-Абаддагы академия катары азыр бул жерде, аны дал ушул үй-бүлө кура баштаган», — дейт Алыбаев.

Академиянын курулушуна Ташиевдин жакындарынан тышкары Кыргызстандын жогорку кызматтагы аткаминерлери менен байланышы бар башка адамдар да катышууда:
- «Мурас Глобал Азия» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Уланбек Жураев — Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мурат Жураевдин уулу. 2021-жылы УКМКнын кызматкерлери аны президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков менен чогуу $250 миң опузалоо шеги менен кармашкан. Эки айдан кийин Жураев үй камагына чыгарылып, кийин ага 260 миң сом айып салынган.
- «Строй Партнер и Ко» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Тимур Ибраимов орусиялык «Концерн радиостроения “Вега”» компаниясынын да түптөөчүлөрүнүн бири болгон. Анын иниси Рамазан Ибраимов — Башкы прокуратурадагы башкармалыктардын биринин жетекчиси. Уланбек Жураев болсо соцтүйүндөргө Ибраимовдор анын тууганы экенин жазган.
- «Софтпром» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Калыбек Акматов Бажы кызматынын Санариптештирүү башкармалыгын жетектеген. Анын атасы Болотбек Акматов — Жогорку соттун судьясы.
Компаниялардын анча белгилүү эмес негиздөөчүлөрү менен жетекчилери да Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышта болушу мүмкүн. Мисалы, Шабданбек уулу Шайырбек, Жыргалбек Жураев, Талантбек Төрөбеков — Камчыбек Ташиевдин кичи мекени болгон Сузак районунан болушат.
Министрлер кабинети ошол эле Минкабдын төрага орун басарынын жердештерин, досторун жана туугандарын салыктардан бошоткон болуп калууда — бул ачык эле кызыкчылыктар кагылышы.
Тааныштык менен жер алып, салыктан бошотулган
«Жал Групп Азия» компаниясы «Барса» академиясынан тышкары Бишкекте көп функционалдуу «Барселона» турак жай комплексин да куруп жатат. Ал баш калаанын түштүк тарабында, тоонун этегиндеги 17 гектар жерге салынат. Комплекстин борборунда футбол академиясы болот. Аны 1600гө жакын элиталык батир, бала бакча, мектеп, мейманкана, бизнес-борбор жана башка курулуштар курчап турат.

Турак жай комплексинин субподрядчиги (туундуу жалдануучусу) — Кытайдын «Хай Тиэн Групп» курулуш компаниясынын «Хай Тиэн» аттуу кыргыз туундуу компаниясы. Ал Юстиция министрлигинде 2024-жылдын апрелинде каттоодон өткөн. Мамлекеттик курулуш агенттигинин сайтынан бул компаниянын курулуш иштерине лицензиясы бар экендиги жөнүндө маалыматты таба алган жокпуз. «Хай Тиэн» ЖЧКсын Ташиевдин «Ата-Журт» партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Келдибек Орозбаев жетектейт. «Хай Тиэндин» дареги «Жал Групп Азия» компаниясынын дареги менен дал келет.
«Хай Тиэн» да «Барса» академиясынын курулушу үчүн кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулган компаниялардын тизмесине кирген. Бул жеңилдиктер турак жай объекттеринин курулушуна да тиешелүүбү же жокпу, так белгисиз.

«Жал Групп Азия» салыктардан бошотулгандан тышкары дагы бир артыкчылыкка ээ болгон: жаңы турак жай комплекси менен академия курула турган жер тилкесин Президенттин иш башкармалыгынан ижарага алган.
«Биз президенттин атына кат жаздык, президент бизди колдоп, бул курулушка жер бөлүп берди, жерди ижарага алдык», — дейт компаниянын президенти Айбек Алыбаев.
Ачык маалыматтар боюнча, бул 17 гектар жер 2023-жылдын 21-августунда Бишкек мэриясына катталган. Ошол эле күнү мэрия жерди Президенттин иш башкармалыгынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берген. Сентябрда башкармалык жерди «Жал Групп Азияга» ижарага берген.
Кадастрда бул жер тилкелеринин таржымалы жок. Балким, ал 17 гектар жер муниципалитетке тиешелүү болгондур же кезектеги «кустуруунун» жүрүшүндө «мамлекетке кайтарылган» чыгар.

«Африкалыктардан эмнебиз кем?»
«Барселонанын» курулушу үчүн алынган жердин ижара акысы канча экени жана «Жал Групп Азиянын» Президенттин иш башкармалыгы менен кандай келишим түзгөнү да белгисиз. Бирок ачык булактарга караганда, компания түзүлгөн күндөн бери мамлекеттик бюджетке ижара төлөмдөрүн төлөгөн эмес. «Бизнес-Эксперттин» көз карандысыз баалоочулары бул райондо жердин бир чарчы метри $378 турарын эсептешкен. Демек, 17 гектар жердин болжолдуу баасы $64,3 млн болот.
Айбек Алыбаевдин айтымында, турак жай комплексинин курулушу 2027-жылдын августунда аяктайт. Ал «Барселона» комплексинде 180 миң чарчы метр турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк болуп, андагы бир чарчы метрдин баасы $2 миңден башталарын билдирүүдө. Демек, курулуш компаниясынын жалпы кирешеси 360 миллион доллардан кем болбойт.

Спортвошинг же коомчулуктун көңүлүн саясий репрессиялардан жана экономикалык көйгөйлөрдөн башкага буруу — авторитардык режимдердин универсалдуу куралына айланды. Бул үчүн футбол эң ылайыктуу: ал жеткиликтүү, популярдуу жана миллиондогон адамдарды бириктирет. Экономиканы өнүктүрүү же элдин жашоо-шартын жакшыртуу сыяктуу убадалардан айырмаланып, футболдук жеңиштер кубаныч, сыймык жана биримдик сезимин жаратып, дароо натыйжа берет.
Бийлик биз «Барсанын» академиялары менен сыймыктанышыбыз керек экенин билдирүүдө. «Биз Кыргызстанда спортту өнүктүрүп жатабыз, а силер, журналисттер жалаң эле жаман жагын көрсөтүп, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар», — деп Садыр Жапаров эки жыл мурун «Клоопко» нааразы болгон.
«Мамлекеттин катыштыгы жок. Болгону 16 гектар жер берип жатабыз. Ал 16 гектар жерди Барселона академиясы 16 миң эсе актайт. Бул социалдык долбоор. 10-15 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарда ойной баштайт. Африкалыктардан эмнебиз кем? Биз кыргыздар да балдарыбызды ушул академияда даярдап, дүйнөлүк масштабдагы клубдарга жиберип турсак эмнеси жаман?
Качан мамлекет үчүн күйгөндү үйрөнөсүңөр? Чымындан пил жасап, жамандык эле жаза берсеңер кайсы инвестор келет? Кантип жакшылык келет? Жамандык издей берип өзүңөрдүн ичиңер деле жамандыкка толуп калат эмеспи?» — деп жооп берген Садыр Жапаров «Клооптун» иликтөөсүнө.
Ооба, «Барсанын» Борбор Азиядагы биринчи академиясы үчүн Кыргызстанды тандаганы күтүүсүз жана жагымдуу жаңылык болгон. Бирок чындыгында «Барса» акча берген жана келечектеги футбол жылдыздарын табуу мүмкүнчүлүгү бар каалаган жерге барууга даяр. Дүйнөдө мындай академиялардын саны 30дан ашат, алар Африкада, Евразияда жана Америкада иштешет.
Чынында эле биздин балдар үчүн дүйнөлүк футболдо өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жаралдыбы? Кыргызстандагы эки академияны тең башкарган «Жал Групп Азия» фирмасынын жетекчиси Алыбаевдин айтымында, Жалал-Абаддагы академияда 6 жаштан тарта 500-700 бала акы төлөп окуй алат. Тандоодон өтсө эң таланттуу 30-40 бала окуу үчүн төлөмдөрдөн бошотулушу мүмкүн.
Бирок азырынча бул сөз жүзүндө гана. Бүгүнкү күндө Жалал-Абаддагы академияда жатаканасы менен окуунун бир жылдык акысы 19,5 миң долларды, жатаканасыз 12-15 миң долларды түзөт. Бул орточо маяна 450 доллар болгон Бишкектеги «Барселона» комплекси ушундай эле аталыштагы Испаниядагы шаардагыдай карапайым адамдар үчүн жеткиликсиз болот дегенди билдирет. Ал жакта бай адамдар гана балдарын машыктырып, батир сатып бере алат.
Авторлор: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова, Temirov Live