«20 бала акысыз окуйт». Ташиев «Барселона» академиясы боюнча «Клоопко» жооп берди

«Клооп» «Барселона» тууралуу иликтөөсү боюнча бийликке жолдонгон суроолорун жарыялай электе эле бул футболдук долбоордун демилгечиси жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден жооп алды. Ал бизди «бузуку» деп атап, жарандарды бизге ишенбөөгө чакырды.

26-февралда Баткендеги жаңы стадиондун курулушуна капсула салуу иш-чарасында сүйлөгөн Ташиев Жалал-Абаддагы «Барса» академиясында 120 бала болсо, алардын 20сы акысыз окуп жатканын билдирди. Анын айтымында, ал балдардын окуу акысын Кыргызстандын Футбол биримдиги төлөп жатат.

«Ал жерде болгону 120 гана тарбияланууда. Буга карбай былтыр 20 баланы бекер киргиздик. Алардын акчасын футбол биримдиги төлөдү. Баткенден да 1-2 бала бар. Кандуу кагылышта каза болгон чек арачынын баласы бар. Чоң атасы ээрчитип келгенде киргизгеним эсимде», — деди Ташиев.

УКМК башчысы ал балдар кайсы курактан баштап жана кандай жол менен тандалып алынганын тактап айткан жок.

Ташиев академиядагы окуунун бир жылдык акысы $19,5 миң эмес,  $12 миң экенин айтып жатат. УКМК төрагасы мындай сумма негиздүү экенин, анткени балдарды өздөрүнүн керектүү шаймандары менен келген испаниялык машыктыруучулар окутарын айтты. 

«Клооп» менен Temirov Live иликтөөсүндө (бул жерде) Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаровдун туугандары белгилүү футболдук бренддин атын жамынып, Бишкекте элиталык турак жай комплексин куруп жатканын айтып беришкен. Мындан тышкары анда Ташиев иштеген Минкаб куруучуларды салыктардан бошоткону, ал эми Президенттин иш башкармалыгы аларга шаардын кымбат баалуу 17 гектар жерин ижарага бергени жөнүнө айтылат.

Биз ошондой эле Ташиевдин эски досу жана «Барселона» долбоорунун башкаруучусу Айбек Алыбаевдин сөздөрүн келтиргенбиз. Ал академияда 500-700 бала окуй турганын, алардын ичинен эң таланттуу 30-40 бала тандалып алынып, Кыргызстан курамасынын негизи катары акысыз машыга тургандыктарын билдирген. Алыбаевдин айтымында, академияда толук окуунун бир жылдык акысы $12 миң — $19,5 миңди түзөт.

Камчыбек Ташиев биздин иликтөөгө жооп берген Кыргызстандын экинчи жетекчиси болуп калды. Алгач комментарий берген президент Садыр Жапаров «Барселонаны» социалдык долбоор деп атап, «Клоопко» футбол академиясынын курулушуна катышууну сунуштаган. Ошол эле маалда долбоор боюнча эч кандай сандарды келтирген эмес.  

Жооп катары «Клооптун» негиздөөчүсү Ринат Тухватшин президентке видеокайрылуу жасап, «Барселона» боюнча Садыр Жапаровго конкреттүү суроолорду узаткан. Ал суроолордун тизмесин бул жерден көрсөңүз болот.