18-мартта Жогорку кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети парламенттик шайлоонун системасын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири, депутат Улан Примов баяндама жасады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир катар эл өкүлдөрү парламенттеги 90 депутаттын баарын тең мажоритардык система боюнча шайлоону демилгелешкен.
Алар ар биринен үчтөн депутат шайланып келе турган 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округун түзүүнү сунуштап жатышат. Демилгечилердин пикиринде, мындай өзгөртүүлөр «Жогорку Кеңештин курамын партиялык тизмелер боюнча түзүүдөгү кемчиликтерди жоет».
Азыркы мыйзамга ылайык, парламенттин 54 депутаты партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.