Жогорку Кеңештин депутат Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясы менен макулдашпай туруп кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү макулдашуу тууралуу пикирин билдирген соң фракциядан чыгарылды.
Юрист Таттуубубу Эргешбаеванын айтымында, эгер «Ыйман Нуру» партиясынын мүчөлөрү өз чечимин кайра карап чыкпаса, Айжигитов депутаттык мандатынан ажырап, ордуна партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер келет. Анткени Айжигитов Дастан Бекешев же Элвира Сурабалдиева сыяктуу бир мандаттуу округдан эмес, партиялык тизме аркылуу шайланган.
Айжигитов кысымга кабылып жаткан чакта парламент отурумунда ага бир нече жолу сөз бербей коюшту. Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аны соттолгону тууралуу маалыматты жашырганы үчүн мандатынан ажырашы мүмкүн экенин айтып коркутту.
Айжигитов эмнеге каршы болууда?

Султанбай Айжигитов парламентте Достук айылын Тажикстанга берүүгө каршы чыкты. Ал айыл коңшу өлкөгө өтсө Лейлек району жана Сүлүктү шаары анклав болуп калышы мүмкүн деп кооптонууда. Депутаттын айтымында, буга чейин Достук айылы Тажикстан үчүн Ворух анклавына коридор ачууга бөгөт болуп турчу.
«Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып салып жатабыз. Достук айылынын стратегиялык мааниси — дал ошол коридорго жол бербегенинде. Андан тышкары, чек араны ошол аймакта жашаган эл коргоп турганы болчу», — деди депутат.
Эл өкүлү Достук айылын Кыргызстанда калтырып, Достук – Ак-Сай – Ворух жолун кедергисиз биргелешип колдонуу тууралуу келишим түзүүнү сунуштады.
«Бийликтин укуругуна» илингендер
Айжигитов чек ара келишимин сындаган соң депутаттык орду кылтылдай түшкөн алгачкы эл өкүлү эмес. 2022-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеш Өзбекстан менен ушундай эле келишимди ратификациялаган. Анда Кемпир-Абад суу сактагычы коңшу өлкөгө өткөрүп берилген.
Бул келишимге 19 депутат каршы добуш берген. Кийин кеминде алардын алтоо мандатынан ажыраган. Айрымдарына иш козголсо, айрымдары түрдүү басымга кабылган. Депутат Элвира Сурабалдиева УКМК кызматкерлери келишимге каршы чыккан депутаттарга кысым көрсөтүп жатканын айткан. Ал эл өкүлдөрү коркутууга кабылып, жакындары иштен алынганын белгилеген.
Мадумарова — камалып чыгып, мандатынан ажырады
Өзбекстан менен келишимге каршы чыккан депутаттардын сап башында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров турган. 2023-жылдын сентябрында саясатчы кармалып, ага эки кылмыш иши козголгон (кийин бир ишке бириктирилген). Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» (кийинчерээк ал бийликтен аша чабуу беренесине өзгөртүлгөн) жана «алдамчылык» айыбы тагылган.
Сот Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза бекиткен эмес. Ал абактан бошотулуп, бирок 2024-жылдын апрелинде БШК анын депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Мадумаров ага каршы кылмыш иши дал ушул максатта козголгонун айткан.
Чек ара меселесине чейин эле Мадумаровду бийликтин кыртышы сүйчү эмес — мисалы, бир жолу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламент трибунасында аны «колуңду сындырам, камайм» деп коркуткан.
Бакиров депутаттык мандатынан ажыраган
Өмүрбек Бакиров да чек ара келишимине каршы добуш берген. Ал тургай, парламенттеги талкуу учурунда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Көп өтпөй Президенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңештеги Бакировдун кабинетин алып койгон.
Ал эми 2023-жылдын июнь айынын башында сот Бакиров шайланган бир мандаттуу округ боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган — натыйжада, БШК анын депутаттык мандатын алып койгон. Бакиров муну Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы добуш бергени менен байланыштырган.
Жамгырчиев — камалып чыгып, мандатынан ажырады
2023-жылдын декабрында Башкы прокуратура парламенттен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Ал дагы Өзбекстан менен болгон келишимге каршы добуш берген. Прокуратура ага чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине койгон. Жамгырчиевдин кесиптештери иш козгоого макулдук бергенде, ал парламенттин экинчи кабатынан секирип, качып кеткен.
Көп өтпөй УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте Жамгырчиев Өзбекстанда кримтөбөл Салим Абдувалиев менен жашыруун жолукканын билдирген. Ал эми президент Жапаров депутат андан Кыргызстандагы эки досту «жок кылууну» өтүнгөнүн айткан.
Кийинчерээк Жамгырчиев кармалып, көп өтпөй БШК аны депутаттык мандаттан ажыраткан соң бошотулган. Саясатчы өзүнө коюлган айыптарды бир нече жолу четке кагып, саясий куугунтук деп атаган.
Икрамов — УКМКга сурак берген соң мандатын тапшырды
Тазабек Икрамов чек ара келишимине эле эмес, талаш жараткан ЖМК тууралуу мыйзам долбооруна, саясатчыларды, активисттерди жана журналисттерди камакка алууга, ошондой эле желекти өзгөртүүгө да каршы чыккан.
2024-жылдын июль айында аны УКМК суракка чакырган — бирок кайсы иш боюнча экени азыркыга чейин белгисиз. Анткени Икрамов да, атайын кызмат да бул тууралуу комментарий берген эмес.
Бир нече күндөн кийин депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырууну чечкен. Бирок ал бул чечими тууралуу да эч кандай түшүндүрмө берген эмес.
Кадырбеков — УКМКга сурак берген соң мандатын тапшырды
Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан Нуржигит Кадырбеков да 2024-жылы «өз каалоосу менен» мандатын тапшырган.
Андан мурда Кадырбеков бир нече жыл жетектеген «Ыйман» фондунун иши боюнча УКМКга күбө катары сурак берген. Каржы министрлиги фонддун ишмердүүлүгүн текшерип, 5 млн доллардын отчеттун таппай койгон.
УКМКга «күбө» катары сурак берүү дайыма эле коопсуздук кепилдиги эмес — анткени буга чейин күбө катары сурак берген бир нече адам айыпталуучу болуп чыга келген.
Айдарбеков дипломатиялык макамынан ажырады
Чыңгыз Айдарбеков 2022-жылы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетин жетектеген. Комитет мүчөлөрү Өзбекстан менен болгон макулдашууну жактырган, бирок Айдарбеков ага кол коюудан баш тарткан. Ал Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер документ боюнча талаштуу аймак эмес экенин билдирген.
Ушундан соң парламент аны комитет төрагалыгынан четтеткен, ал эми президент Жапаров атайын буйрук менен Айдарбековду Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген дипломатиялык макамынан ажыраткан. Буга анын мурда элчиликтерде иштеп жүргөндө «дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайларын» аныкталышы негиз болгону айтылган.
Ошого карабай Айдарбеков депутаттык мандатын сактап калган. Ал парламентте Өзбекстан менен болгон чек ара келишимин ратификациялоого каршы добуш берген.