Видео: Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровду камаймын деп бир нече жолу коркутту

Ташиев/Мадумаров

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду «биринчиден колуңду сындырам» деп, андан кийин «камаймын» деп коркутту.

«Ошондуктан азыраак сүйлөш керек. Тилим бар деп эле сүйлөй бербестен. Жооп бересиз бардыгына. Колуңду кезебегин, колуңду сындырып коём. Колуңду сындырып коём биринчиден, экинчиден жакшы мына өткөндө урматтуу депутаттар уруксат бербей камалбай калдың. Эгер мен Башкы прокурор болгондо давно камалат болчусуң. Дале кеч эмес», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы трибунага чыгып депутат Мадумаров атайын кызматтын дарегине карата «негизсиз, далили жок маалыматтарды таратып жатат» деп айыптады. Ташиев эл өкүлү ушундай аракеттерин токтотпосо, «аткезчилик менен алектенген адамдарды кантип калкалап жатканыңыз боюнча фактыларды ачыктаймын» деп эскертти.

«Колуңузду түшүрүп туруп, өзүңүздү колго алыңыз, азыр айтам, отуруп туруңуз. Урматтуу эмес Адахан Кимсанбаевич, мен мына фактыларга келип жатам. Шашпай туруңуз, азыр айтып берем. Ким менен, кайсыл жерде, эмне кылып жүргөнүңүздү. Кайсыл контрабандист сизге, кайсыл жерде аш кылып берип жатканын азыр айтам», — деп сөзүн улады Ташиев.

Андан соң Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекеттеринин иши тууралуу айтып, аткезчилик жүктөрү кармалып жатканын айтты. «Ошондуктан да азык-түлүк коопсузудугу сакталып, азык-түлүк, товарлар өлкөдөн сырткары чыкпай, таңкыстык жаралбай» жатат деди. Ал эми күйүүчү май боюнча контрабанда «толук бойдон токтоду» деп ишендирди.

Ошондой эле Ташиев Адахан Мадумаровду «бийликти басып алууга аракет кылып жатат» деп айыптады.

«Булар мамлекетте чоң тополоң уюштуруп туруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып жатат. Мен айтып коёюн, мамлекеттеги бийликти сиз эч качан алмаштыра албайсыз. Бул бир. Бир туугандарыңыз, ошол эле Абдусаттар жана башкалар чогулуп алып туруп, "жакында Адахан Кимсанбаевич, Адахан акебиз бийликке келет, биз буларды көрсөтөбүз" деп отургандардын баары боюнча ыкчам жумуштар жүрүп жатат. Жакында ушул иштер боюнча бир тууганыңызды камасак дагы кыйкырып чыгасыз. Ошон үчүн эч нерсени көрсөтө албайсыз. Сиз көрсөтө турган адамдар өтүп кеткен эбак эле. Хорошо?! Рахмат», — деди атайын кызматтын башчысы.

Буга Мадумаров нааразы болуп, төрага Талант Мамытовго кайрылып, Ташиевдин микрофону тынымсыз иштей береби деген суроо узатты.

«Талант Турдумаматович, келген кишилердин микрофону тынымсыз иштеп турабы, эмне? Же Ташиевге өзгөчөбү? Мына бул жерде азыр жаман адат пайда болду бийликте. Аябай көрүнгөн кишини сабап кыйкырып коёт, КТРК, ЭЛТРден көрсөтөт, “Регион” дегени бар сайратат. Ал заманыңыз да өткөн! Сөздү бурмалабагыла, силер сөздү түшүнбөйсүңөр. Ал сөзгө түшүнүш үчүн дагы көптөгөн жылдар керек», — деди Мадумаров.

Анда Ташиев жакында сени жана сен калкалаган кишилерди камаймын деп эскертти. Мадумаров болсо «колдон келбейт, көрөбүз колдон келгенин» деген жооп кайтарды.

«Мен бийликти алмаштырам деп Ак үйдөн секирген эмесмин! Мен Конституциядан чыккан эмесмин. Переворотту силер кылгансыңар, силер жооп бересиңер!» — деди Мадумаров.

Ал эми Ташиев депутатка «переворот кылыштын алдында өзүң жок болосуң» деп дагы бир жолу эскертти.