Садыр Жапаровдун башкаруусу ири курулуш долбоорлору менен коштолууда. Бийлик мындай демилгелер аркылуу алардын тушунда жакыр өлкө акыры экономикалык жактан өнүгүп жатканын көрсөтүүнү көздөгөндөй. Ошол эле маалда, бул дымактуу долбоорлордо ачык-айкындуулуктун жоктугу жана алардын кыргыз бийлигиндеги башкы эки адам — Жапаров менен Ташиевдин жакындарына байланышы бардыгы белгилүү болууда.

Макаланын түп нускасы бул жерде

Мындай долбоорлордун бири — баш калаанын четиндеги Орок айылында курулуп жаткан «Бишкек-Арена» аттуу чоң футбол стадиону. Учурда анда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. План боюнча, ал Борбор Азиядагы эң чоң стадион болушу керек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул курулушту ким каржылап жатканы да, ага кайсыл компаниялар тартылганы да так белгисиз.

OCCRP'нин иликтөөчүлөрү бул жашыруун сырдын четин ачып, стадиондун курулушу менен алектенип жаткан компаниялардын бирин табышты. Журналисттер — Жапаровдун тушунда кадимки көрүнүшкө айлангандай — ал компаниянын Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев менен байланышы бар экенин аныкташты.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев

Бул «Ордо Курулуш Компани» компаниясы. Анын жалгыз ээси жана директору — Нурлан Чыныбеков. OCCRP'нин Президенттин иш башкармалыгынын иши менен жакындан тааныш булактарынын бири Чыныбековду «Туманбаевдин башкы эсепчиси» деп атаган. 

Бирок «Ордо Курулуш Компани» — Чыныбековдун жалгыз бизнеси эмес. Ал расмий түрдө Туманбаевдин айланасындагы адамдарга байланышы бар «Иншаат Строй Билдинг» компаниясынын каржылык директору катары көрсөтүлгөн. Бул компания өкмөттүк трассанын боюна салынган президенттик администрациянын жаңы имаратын — «Ынтымак Ордону» курган беш компаниянын бири. Эл арасында ал «хансарай» деп аталып келет.

Ачык маалыматтарга ылайык, Чыныбеков ошондой эле «Иншаат Строй Билдингдин» жана Туманбаевдин классташына катталган «Евро Шпал» компаниясынын салыктарын төлөп турган. Кийинчерээк «Евро Шпалга» Президенттин иш башкармалыгынын башчысынын үзөңгүлөшү ээлик кылып калган.

Туманбаевге байланышы бар ушул жана башка компаниялар жөнүндө OCCRP, «Клооп» жана Temirov Live'дын былтыркы иликтөөсүнөн окусаңыз болот. Анда президенттин айланасындагылар мамлекеттик ири курулуш долбоорлорун кантип өз ара бөлүшүп алганы жөнүндө айтылат.

«Бишкек-Аренаны» куруп жаткан башка компаниялар долбоордун каржы булагы сыяктуу эле белгисиз бойдон калууда. УКМКны гана эмес, Кыргыз футбол биримдигин да башкарган Камчыбек Ташиев стадиондун курулушуна $21 млн жакын каражат Коррупцияга каршы күрөшүү фондунан бөлүнгөнүн айткан.

Стадиондун курулушу

Бирок бул эмне болгон фонд экени белгисиз. Ташиевдин билдирүүсүнө чейин ал жөнүндө эч ким бир да жолу сөз кылган эмес. Юстиция министрлигинин реестринде да мындай юридикалык жак катталган эмес, Каржы министрлигинен болсо OCCRP'нин бул боюнча суроолоруна жооп беришкен жок.

Маданият, маалымат жана спорт министрлигинен иликтөөчүлөргө аларда стадион курулушунун каржы булагы жөнүндө «маалыматтар жок экенин» билдиришти. Ал эми Ташиевдин башкаруусундагы Кыргыз футбол биримдиги бул суроо менен курулуш иштерин көзөмөлдөп жаткан Президенттин иш башкармалыгына кайрылууну сунуштаган.

Ачык булактардан стадиондун курулушуна байланышкан эч кандай тендердик документтерди табуу мүмкүн болгон жок. Бул таң калычтуу эмес, анткени 2022-жылы президент Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлгөн. Ага ылайык, мамлекеттик ишканалар эч кандай тендер өткөрбөстөн эле, товарлар менен кызматтарды жеткирүүчүлөрдөн түз эле сатып ала алышат. Ошондой эле алардан мурдагыдай жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр тууралуу маалыматтарды жарыялоо талап кылынбайт.

Ошентсе да, OCCRP стадионду куруу иштерине тартылган бир нече чет өлкөлүк компанияны аныктады. Алардын бири — дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңселери бар Populous Holdings Inc. аттуу америкалык архитектуралык-дизайнерлик фирма. Калган үчөө — түркиялык компаниялар: архитектуралык Dzine фирмасы, электромеханикалык иштер менен алектенген Arenes Engineering Group жана Istanbul Statik Akademy. Акыркысынын бул долбоордогу ролу кандай экени так белгисиз. Бул чет өлкөлүк компаниялардын бири да журналисттердин суроолоруна жооп беришкен жок.

«Бишкек Арена»

Кыргыз бийлигинин планы боюнча, стадиондун курулушу 2026-жылы аякташы керек. Февралда Кыргыз футбол биримдиги Өзбекстандагы жана Тажикстандагы кесиптештери менен биргеликте 2031-жылы «Бишкек-Аренада» Азия кубогун өткөрүүгө билдирме бергени белгилүү болгон. Бул үчүн курулуп жаткан стадиондун сыйымдуулугун көбөйтүү чечими да кабыл алынган.