Садыр Жапаровдун досу Арзыбек Бурканов башкалардын мүлкүн өзүнө ыйгарып алууну улантууда. Бул жолу «Клооп» менен Temirov Live анын «империясы» «Кара-Балта курулуш буюмдар заводу» менен толукталганын аныктап чыгышты. Завод Буркановдун колуна  мурдагы арак магнаты Шаршенбек Абдыкеримовдон жана экс-бажычы Райымбек Матраимовдун өкүл баласынан өттү. Схема адаттагыдай эле: мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды коррупцияга жана башка кылмыштарга айыптаган.

Шаршенбек Абдыкеримов, Райымбек Матраимов

Шаршенбек Абдыкеримов — курамына 30га жакын компанияны камтыган «Аю» холдингинин негиздөөчүсү. Документ боюнча ал компаниялардын айрымдары анын туугандарына жана өнөктөштөрүнө таандык болгон. «Кара-Балта КБЗ» да Абдыкеримовдун өнөктөшү Эмилбек Ажибековдун атына катталган.

2023-жылы апрелде президент Садыр Жапаров Абдыкеримовдун бизнесинин «өзөгү» — эки «Аю» арак заводу мамлекетке алынганын билдирген. Анда «Кара-Балта КБЗдин» тагдыры жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Бирок үч айдан соң заводдун Арстанбаев Алмазбек Мураталиевич аттуу жаңы ээси пайда болгон. Ал Кыргызстанда ысымы жемкорлук менен аткезчиликтин синонимине айланган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Журналисттердин буга чейинки иликтөөлөрүндө белгилүү болгондой, Арстанбаев Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык делген бизнеске ээлик кылган жана анын компанияларынын жүк ташуу схемаларына ыктымал байланышы болгон.

Матраимов кармалгандан кийин. 2024-жыл

Анда Жапаров экс-бажычынын мурдагы күнөөлөрүн кечиргендей болгон. 2021-жылы февралда Матраимов бажыда коррупциялык схемаларды түзгөнүн моюндап, мамлекетке компенсация катары 2 млрд сом төлөп берген. Ал эмес Бишкектин борборунан өзүнө пентхаус да сатып алганы белгилүү болгон. Бирок 2023-жылы күзүндө бийликке дагы бир нече жүз миллион сом төлөп берүүнү убадалаган Матраимов өлкөдөн чыгып кеткени жөнүндө ушак тараган.

2024-жылы январда УКМК Матраимовго издөө жарыялаган. Соттун маалыматтарынан ага бейбаштык жана чек арадан мыйзамсыз өтүү айыптары тагылганы белгилүү. 

Соттун токтомунда Матраимов 2022-жылы бажыдагы коррупциялык схемаларын калыбына келтирүүгө аракет кылганы жазылган. Бул үчүн ал өзүнүн өкүл баласына кайрылып, ага кытай товарларын Борбор Азия өлкөлөрүнө аткезчилик менен ташыган ишкер Хабибулла Абдукадырдын тууганын алып келүүнү өтүнгөн. Өз кезегинде Матраимовдун өкүл баласы маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевден жардам сурап, ал коркутуу жолу менен Хабибулланын тууганын экс-бажычынын үйүнө барууга мажбурлаган.

Мурда Хабибулла Абдукадыр Матраимовдун өнөктөшү болсо, эми Жапаровдун өнөктөшү болуп калды

Ал жолугушууда Райымбек Матраимов, Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев болгон. Анда Матраимов дале болсо бажыдагы маселелерди чечүүдө таасири бар экенин Хабибуллага жеткириши үчүн, анын тууганын тапанча менен коркуткан. Бирок Матраимовдун бул аракетинен майнап чыккан эмес окшойт жана ошондуктан ал чет өлкөгө качып кеткен сыяктуу.

Райымбек Матраимов, Камчы Көлбаев жана Замирбек Карашев

Хабибулланын тууганын алып келген Матраимовдун өкүл баласы Алмазбек Арстанбаев болушу ыктымал. Анткени анын аты-жөнүнүн баш тамгалары соттун токтомундагы маалыматтар менен дал келет.

Ошондой эле дал ушул окуядан улам Жапаровдун айланасындагылар Арстанбаевден заводду тартып алган болушу мүмкүн. Өз кезегинде УКМК экс-бажычынын көп миллиарддаган бизнеси мамлекетке өткөнүн жар салган.

Бирок эмнегедир «Кара-Балта КБЗдин» жаңы ээси мамлекет эмес, а  «Ала-Тоо Гидро» аттуу жеке компания болуп калган. Бул ЖЧКга Чилтенов Нурсултан Рыспекович менен Бурканов Азат Арзыбекович ээлик кылышат.

Нурсултан Чилтенов (солдо) менен Азат Бурканов

Сеники эми меники 

Экөө тең Садыр Жапаровго чоочун кишилер эмес. Нурсултан Чилтенов — мурдагы президент Аскар Акаевдин бир тууган агасынын небереси. Активист Эрлан Бекчоро Акаев Жапаровго куда болорун жазган. Тактап айтканда, азыркы президенттин кайын эжеси Аскар Акаевдин агасынын келини болот.

Азат Бурканов — президенттин досу Арзыбек Буркановдун уулу. Ал президенттик шайлоодо Жапаровдун ишенимдүү адамы болгон. Кийин Буркановго байланышы бар компаниялар мамлекеттик тендерлерди утуп, казинолорду ача баштаган.

Бул Абдыкеримовдун президенттин жакындарынын колуна өткөн алгачкы активи эмес.

2023-жылы УКМК анын адамдарынан жалпы аянты 4,1 гектарды түзгөн «Кыргыз камволдук-нооту комбинатынын» бир бөлүгүн конфискациялаган. Ошол эле жылы комбинат «Тарим Трэйд» компаниясына сатылган. Бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Палван Нур Мухаммед. Ал аткезчилик тууралуу OCCRP'нин, «Азаттыктын» жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири, Райымбек Матраимовдун кудасы, уйгур ишкери Хабибула Абдукадырдын уулу.

Ошентсе да, президент Жапаров Абдукадырды «инвестор» катары ачык колдоп келет. OCCRP, Temirov Live жана «Клооп» биргелешкен иликтөөсүндө президент Жапаровдун уулу Рустамдын достору Хабибула Абдукадырдын бизнес-өнөктөштөрү болуп калганын аныктап чыгышкан.

«Клооп» менен Temirov Live буга чейин УКМК кармаган жана мамлекеттик органдардын кысымына кабылган башка ишкерлердин да активдери Буркановдун жана президенттин башка жакын адамдарынын колуна өткөнү жөнүндө айтып беришкен. Ал активдердин арасында «Мадина» кездеме базары, анын жанында жайгашкан «ЖБИ заводу» менен «Сан-Сити» ден соолукту чыңдоо борбору бар. Мындан тышкары УКМК коррупция айыбы менен кармаган Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовдун курулуш бизнесиндеги үлүшү президенттин жеңеси Бурул Кыштобаеванын колуна өткөн.

Авторлор: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова, Temirov Live