Президенттин досу жана демөөрчүсү Арзыбек Буркановдун уулу «Гранд Казинонун» негиздөөчүсү болду

«Гранд Казино» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн курамында кезектеги өзгөрүүлөр болуп, негиздөөчүлөрдүн курамында Арзыбек Буркановдун уулу пайда болду.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компания 23-июнда кайра каттоодон өтүп, жаңы негиздөөчүлөрү болуп Бурканов Азат Арзыбекович жана «Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез» ЖЧКсы жазылган. Акыркысынын ээси Пандей Арвинд Жанардан деген киши.

Жанардан буга чейин бизнес же Кыргызстанда инвестордук ишмердик жүргүзгөнбү же жокпу, белгисиз. Ачык булактарда бул тууралуу маалымат жок.

Чет элдик инвесторлор болорун буга чейин «Клоопко» «Гранд Казинонун» директору Нурбек Султанов дагы айткан болчу. Бирок ал анда Буркановдун чет элдик инвесторлорду тартууга тиешеси барбы-жокпу билбейм деген.

Компанияда негиздөөчүлөрү алмашкандан кийин биз кайрадан Султановго комментарий сурап кайрылдык.

«Буга чейин мен [Буркановдун казино менен байланышын] толук четке каккан эмесмин, [анын] инвесторлорду тартууга байланышы балким бардыр. Ооба, Буркановдордун инвесторлорду тартууга тиешеси бар, бирок уулунун [тиешеси]. [Алардын] казинонун ишмердигине азыр да тиешелери жок», — деди ал.

Кыргызстандын алтын ажыдаарлары

«Клооп» мурдараак «Гранд Казинонун» Садыр Жапаровдун жакын досу Арзыбек Бурканов менен байланышы бар экенин айтып берген. Бирок 23-июнга чейин компания документтери боюнча Буркановдун башка компаниялары менен байланышы бар адамдары менен гана байланыштуу болчу.

«Гранд Казино» компаниясы кумаркана ачууга лицензияны 2023-жылдын апрелинин аягында алган. Бирок аны ачууга бир канча ай мурда эле даярдык көрө баштаган. «Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез» дагы 2022-жылы эле каттоодон өткөн.

Эске салсак, «Гранд Казино» өлкөдө кумар оюндарына салынган тыюу алынгандан кийин биринчи болуп казино ачууга лицензия алган компания. Лицензияны «Гранд Казино» 84 млн сомго сатып алган.

Арзыбек Бурканов деген ким?

Арзыбек Бурканов — белгилүү киши, ал жөн адам эмес. Ал парламент депутаты болгон, Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткарган, президентик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү өкүлү жана премьер-министрдин кеңешчиси болгон. Депутат Жанар Акаевдин айтымында, «резюме көтөргөндөрдүн баары» Буркановго чуркап барышат. Бурканов менен байланыштырып жатышкан компания президенттин шайлоо фондунун демөөрчүсү болгон.