Бишкекте Садыр Жапаровдун имараты буздурулууда — ордуна ири комплекс курулат

Соцтүйүндөрдө Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттардын буздурулуп жатканы тартылган видео талкууланууда. Кеп президенттик өнөктүк маалында Садыр Жапаровдун шайлоо штабы катары колдонулган «Асман» бизнес-борбору жөнүндө болууда.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, кирешени легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамдын алкагында Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга каттаткан мүлктөрүн, анын ичинде Бишкектеги Киев көчөсү 96 дарегиндеги имаратты өзүнө каттаткан.

«Бул кадамы менен мамлекет башчысы активдерин башкаларга каттаткандарды же чет жакта кармагандарды ресурстарын өлкөгө кайтарууга, легалдуу иштөөгө үлгү катары көрсөтүп чакырык жасаган», — деди Алагөзов.

Ал имараттар коңшу жайгашкан башка курулуш объектилеринин кожоюндарынын демилгеси менен буздурулуп жатканын белгиледи. Алар өз имараттары менен бирге Киев көчөсү 96 дарегинде жайгашкан имаратты да бузуп, бошогон жер тилкесине көп кабаттуу ири комплекс курууну сунушташкан.

Президенттин басма сөз катчысы курулуп бүткөндөн кийин комплекс курулушка салым кошкондорго үлүштүк негизде таандык болуп каларын кошумчалады.

Жапаровдун өзүнүн айтымында, «Асман» бизнес-борборунун курулушу 2005-жылы башталып, 2010-жылы аяктаган. Апрель революциясынан кийин ал имаратта Жапаров мүчө болгон «Ата-Журт» партиясынын штабы жайгашкан. 2020-жылы болсо имарат Жапаровдун шайлоо штабы катары колдонулган.