Аткезчилик тууралуу иликтөөлөрдүн каарманы Хабибула Абдукадыр «Клооп» менен Болот Темировду сотко берди. Сот доо арызды кайтарды

Бажыдагы коррупция тууралуу чуулгандуу иликтөөлөрдүн каарманы, уйгур улутундагы ишкер Хабибулла Абдукадыр «Клооп» басылмасынын жана журналист Болот Темировдун үстүнөн сотко арызданды. 2025-жылдын 15-апрелинде эле жазылган доо арыз жөнүндө бир айдан кийин гана белгилүү болду. Бирок Октябрь райондук сотунун маалыматына ылайык, арыз доогерге кайра кайтарылып берилген.

Доо арызга «Клооп» менен Temirov Live'дын биргелешкен иликтөөсү себеп болгон. Анда Бишкектеги «Мадина» базарына президент Садыр Жапаровдун достору менен жакындары кантип ээлик кылып калганы жөнүндө айтылган. Базардын жаңы кожоюндарынын арасында президенттин жеңеси Бурул Кыштобаева менен президенттин досу Арзыбек Буркановдун балдары да болгон.

Иликтөөдө биз «Мадина» базарынын жана ага коңшулаш жайгашкан аймактардын кожоюндары кантип алмашканы жөнүндө айтып бергенбиз. Мурда алар түз же кыйыр түрдө ишкерлер Турсунтай Салимовго, Александр Санга жана Шаршенбек Абдыкеримовго таандык болгон. Кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Салимов менен Сан маркум «мыйзамдагы ууру» менен байланышта болгон деген айып менен камакка алынган. Алар абактан чыкканда мүлктөрү таптакыр башка адамдардын колунда болуп калган.

Базардын өзү, ал жайгашкан жер жана Кыргыз камволдук-нооту комбинаты «Тарим Трэйд» компаниясына өткөн. Анда Палван Нур-Мухаммеддин да үлүшү бар. Ал чек арадагы аткезчилик тууралуу OCCRP, «Азаттык» жана «Клооп» басылмаларынын иликтөөсүнүн башкы каармандарынын бири — Хабибула Абдукадырдын уулу. Абдукадыр ошондой эле ысымы Кыргызстанда бажы коррупциясынын синоними болуп калган Райымбек Матраимовдун кудасы болуп эсептелет.

Матраимов менен Абдукадыр жөнүндө иликтөө жарыялангандан кийин коомчулук назарынан алыстаган Абдукадыр 2023-жылы Садыр Жапаровдун коштоосунда элге чыккан. Анда президент Абдукадырга кылмыш иштери козголбогонун, ал үчүн эң негизгиси — ишкердин өлкө экономикасына инвестиция салууга даяр экендиги экенин билдирген. Көп өтпөй OCCRP, Temirov Live жана «Клооп» президенттин уулу Рустамдын достору Абдукадырдын бизнес-өнөктөшү болуп калганын аныктап чыгышкан.

2025-жылдын 15-апрелинде Хабибула Абдукадыр жана анын уулуна байланышы бар «Тарим Трэйд» компаниясы ар-намысын жана ишкердик абройун коргоо тууралуу доо арыз менен Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылышкан. Бирок сот арызды кабыл албай, доочуларга кайтарып берген. Азырынча мунун так себеби белгисиз.

Хабибула Абдукадыр деген ким?

«Клооп» 2019-жылдан 2023-жылга чейин OCCRP жана «Азаттык» басылмаларындагы өнөктөштөрү менен биргеликте кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жарыялаган. Бажыдагы аткезчилик схемалар жана андагы Абдукадырдын ролу жөнүндө төмөнкү шилтемелерден окусаңыз болот:

1. Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы.

Уйгур ишкери Айеркен Саймаити журналисттерге жасалма келишимдер жана курьерлер түйүнү аркылуу Кыргызстандан беш жылдын ичинде кантип 700 млн доллардан кем эмес каражат чыгарып кетүүгө көмөктөшкөнү жөнүндө айтып берген. Ал Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн иштегенин билдирген. Бул үй-бүлө коррупциялашкан аткаминерлердин, анын ичинде Райымбек Матраимовдун колдоосу менен жүк ташуунун көмүскө империясын курган таасирдүү клан.

2. Саймаитинин көзүн тазалоо. Аткарылбай калган убада

Саймаити коррупциялык схемалар жөнүндөгү документтерди журналисттерге бергенден кийин коркутууларга кабыла баштаган. Ал буга карабастан, журналисттер менен кызматташууну уланта берген, бирок 2019-жылы ноябрда аны Стамбулда атып кетишкен.

3. Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы

Журналисттер Райымбек Матраимовдун жубайы Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы кыймылсыз мүлк курулушуна инвестиция салганын аныктап чыгышкан. Бул буга чейин алар четке кагып келген ортодогу бизнес-өнөктөштүк документтер менен ырасталган алгачкы учур болгон.

4. Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?

Бул иликтөөдө Саймаити уюштурган курьерлер түйүнү аркылуу Кыргызстандан кантип миллиондогон долларлар чыгарылып кетип турганы ачыкталган.

5. Абдукадырдын кланы миллиондогон долларларды кантип көмүскө кербен аркылуу ташып турган?

Курьерлер Айеркен Саймаитинин көрсөтмөсү менен ташыган ири суммадагы акча кийин Абдукадырдын үй-бүлөсүнө байланышы бар чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине которулуп турган.

6. Абдукадырдын үй-бүлөсү Борбор Азияда коррупциядан байлык топтоп, глобалдык бизнес империя курду

Абдукадырдын үй-бүлөсү коррупциялык схемалардын жана саясий байланыштарынын жардамы менен глобалдык бизнес империя курган. Алар адалданган жүз миллиондогон долларларды дүйнөнүн чар тарабындагы түрдүү долбоорлорго, анын ичинде асман тиреген үйлөргө, мейманканаларга жана заводдорго инвестиция кылышкан.

7. Кыргызстанда коррупцияга өбөлгө болгон эки үй-бүлө куда-сөөк болду

2021-жылы Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун уулу Хабибула Абдукадырдын кызына үйлөнгөн. Ал үйлөнүү той ага чейин өз ара байланыштарын четке кагып келген эки үй-бүлөнүн жакын байланышын ырастаган.