Улуттук банк коммерциялык банктарга ишин токтотуп турууну сунуштады

Кыргызстандын Улуттук банкы 6-октябрда коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге ишмердүүлүгүн токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады.

Алар мындай чечим өлкөнүн каржы жана банк секторунун коопсуздугун камсыз кылуу жана каржы-кредиттик уюмдардын активдерин сактоо максатында кабыл алынганын айтышты.

Эгер тургундарда финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу суроолор келип чыкса, Улуттук банк каржы мекемелеринин онлайн кызматтарынан пайдаланууну сунуштады.

«Мекемелердин иш-тартиби жөнүндө маалымат ар бир мекеменин интернет сайтында жарыяланат. Коопсуздук чараларын көрүү зарылчыгы жаралса, Улуттук банк күзөтүп турат жана чара колдонот», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Учурда Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн айрым аймактарында митингдер өтүп жатат.

Бишкекте 6-октябрда түнкү саат үчтөр чамасында шайлоонун жыйынтыктарына каршы болгон митингсилер «Ак үйдү» жана башкы прокуратуранын имаратын басып алышкан. Андан сырткары Бишкек мэриясынын дагы имаратын алар басып алышкан.

https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/videos/372646150537942

Ушул тапта «Ак үйдүн» короосунда митингчилер чогулуп турат. Алар партия лидерлеринен ким кайсы кызматка дайындалганын ачык айтууну талап кылышууда.

Митингчилер Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышты