Ат-Башыда жашап жаткан памирлик кыргызга жергиликтүү тургун үй салып берди

Памирлик Абибулла Мухаммадкул уулу жана анын үй-бүлөсү. Сүрөт: «Турмуш» басылмасынан алынды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1,5 жылдан бери үй-бүлөсү менен жашап келген памирлик этникалык кыргыз Абибулла Мухаммадкул уулу үйлүү болду. Ага Терек-Суу айылына үй салууга жергиликтүү тургун Мирлан Өмүракунов демөөрчү болгон.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Динара Жунусова «Турмуш» басылмасына билдиргендей, Абибулла Мухаммадкул уулунун үй-бүлөсүнө жаңы үйдүн ачкычы 19-октябрда тапшырылат.

«Үйдү документтештирүү боюнча айыл өкмөт менен сүйлөшүп, муниципалдык менчик катары каттатып койсокпу деген сунушту айтып жатабыз. Себеби, ар кандай болот. Эгер көчүп кетебиз деп чечим кабыл ала турган болсо, бул үй муктаждарга кала берет», — деп түшүндүргөн Жунусова.

Мындан сырткары акимдин орун басары Мухаммадкул уулунун кыргыз жарандыгын алуу үчүн тиешелүү кагаздарын Миграция кызматынын комиссиясы карап жатканын кошумчалаган.

Оогандык кыргыздардын көчүп келиши

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 этникалык кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

2019-жылдын декабрында Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына убактылуу жайгаштырылган. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматилла Саитовдун айтымында, көчүп келген памирлик кыргыздарга турак-жай куруу үчүн аталган айылдан 7,5 гектар жер бөлүнгөн.

Кийинчерек Алай районунун Талды-Суу айылына Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздар үчүн үйлөрдүн курулушунун башталганы маалымдалган. Жети турак жайдын курулушуна казынадан 10 млн сом бөлүнгөн. Жердин аянты 1,2 гектарды түзөт. Саитов Талды-Сууга курулуп жаткан үйлөр долбоор боюнча төрт бөлмөлүү боло тургандыгын айткан.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Памирлик кыргыздардын бир бөлүгүн 1982-жылы түрк өкмөтү Түркиянын Ван аймагына көчүргөн. Ал жакта учурда 50дөй түтүн памирлик кыргыз жашайт.

Тема боюнча:

Алайда ооган кыргыздары үчүн жети турак жай курула баштады, ага Нарындагы памирликтер көчүрүлөт