Алайда ооган кыргыздары үчүн жети турак жай курула баштады, ага Нарындагы памирликтер көчүрүлөт

Сүрөт: Алмир Алмамбетов / Клооп

Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылына Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздар үчүн үй курула баштады. Жети турак жайдын курулушуна казынадан 10 млн сом бөлүндү. Жердин аянты 1,2 гектарды түзөт.

Үйлөрдүн курулушуна капсуланы 21-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев салды.

Буга чейин аталган аймакка райондун Сары-Могол айылына көчүп келген ооган кыргыздары жайгаштырылаары айтылган. Бирок айыл өкмөт башчы Рахматилла Саитовдун айтымында, алар үчүн турак жай жашап жаткан айылында курулат.

«Талды-Сууга курулуп жаткан үйлөргө Нарындагы памирликтер көчүп келишет. Ал эми Сары-Моголдо жашап жаткандарга болсо ушул айылдан 7,5 гектар жер бөлүндү. Учурда каражаттын бөлүнүшүн күтүп жатабыз», — деди Саитов.

Саитов Талды-Сууга курулуп жаткан үйлөр долбоор боюнча төрт бөлмөлүү боло тургандыгын кошумчалады.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 этникалык кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.