Акыркы суткада коронавирус 482 кишиден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги 

Республикалык штабдан 19-октябрда коронавирустун жаңы 482 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 409нда COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 73үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Жалал-Абад облусу — 125;

Баткен облусу — 107;

Ош облусу — 97;

Бишкек — 73;

Ош шаары — 54;

Чүй облусу — 14;

Ысык-Көл — 8;

Талас облусу — 7;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 52 526га жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 19 030. Ал эми Чүй облусунда — 5 926, Ош облусунда — 5 762, Жалал-Абадда — 5 867, Ысык-Көлдө — 4 240, Ош шаарында — 4 050, Баткенде — 4 293, Нарын облусунда — 1 790 жана Талас облусунда — 1 572 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 127 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 41, Жалал-Абад облусунан — 14, Бишкек шаарынан— 40, Ош шаарынан — 10, Баткен облусунан — 11, Чүй облусунан — 6, Ысык-Көл облусунан — 1, Талас облусунан — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 45 863 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 550 бейтап, ал эми үй шартында 2 518 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 111 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада 10 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан, Чүй облусунан — экиден, Баткен облусунан — алты медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада эки медик айыкты жана үй шартында жети медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 544га жетти, анын ичинен 3 166 медкызматкер илдеттен айыкты.