Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейин суу каптады

Борбор калаадагы жамгырдан улам Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейин кайрадан суу каптады. Музейдин суу каптап кеткен залдарынын биринен тартылган сүрөт жана видеолор соцтармактарда пайда болду.

Директордун орун басары Кубат Каработоевдин айтымында, системанын жана паркеттин ремонтуна кеминде 100 миң сом каражат керектелет. Музейди буга чейин дагы суу каптаган: жамгыр сууларын чыгаруучу системаны оңдоо көп жылдан бери ишке ашпай келет.

«Буга чейин жамгыр суусун агызуучу түтүктөрдү оңдогонбуз, бирок буга чейин жасалган ремонт иштери үчүн жалданма компанияга 224 миң сом карызбыз. Өкмөттөн азырынча бул каражатты төлөөгө жана системанын капиталдык ремонтуна акча бөлүүгө мүмкүнчүлүк жок деген жооп алдык», — дейт ал.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи — Кыргызстандагы көркөм сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү топтолгон башкы музей. Анда 18 миңге жакын сүрөттөр, айкелдер жана кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн кайталангыс коллекциясы менен 18-20-кылымдагы белгилүү орус сүрөтчүлөрдүн эмгектери сакталган.

Музей капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги бир жыл мурда айтылган— бул тууралуу музейдин жетекчилиги жана Маданият министрлиги ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго билдирген. Бирок музейдин оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүнгөн эмес.