Президенттик шайлоо жана референдум бир күндө өтөт — Талант Мамытов мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Референдумга Кыргызстандын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды эки күндүн ичинде үч окууда кабыл алышты. Айрым эл өкүлдөрү мыйзам долбоору регламентти жана учурдагы мыйзамды бузуу менен каралып жатат деп билдиргенине карабастан, ал күн тартибинен алынган эмес.

Чогулган депутаттардын алтымышы референдумга «макул» деп добуш берди, анын кабыл алынышына төрт гана депутат каршы болду: Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева жана Каныбек Иманалиев.